ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2017-жылдын 26-апрели№49
Орозбеков айыл аймагындагы калктуу конуштардын ичиндеги жайыт жерлерин калктуу конуштарга кенейтүү жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагындагы калктуу конуштардын ичиндеги жайыт жерлерин калктуу конуштарга кенейтүү үчүн жайыт жерлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Айыл аймагынын тургундарынан түшкөн арыздарды кароо, тизмесин даярдоо жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Тѳрага | И. Мадеминов |
|
|