Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXХV сессиясы

 

2016-жылдын 10-ноябры № 35/3

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн калкка кызмат көрсөтүүдө берилүүчү маалыматтардын баалары жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Шейшеналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн аймагындагы кызмат көрсөтүүдөгү үй-бүлөө жана жашап тургандыгы, малы тууралуу маалыматтар акысыз берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы башкы эсепчи К.Темиралиевге тапшырылсын.

 

Төрага

Т. Курткаев