Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №51
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери жонундо билдирүүсүн (билдирүү тиркелет) угуп жана талкуулап айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ^
1 .Ак Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Халмуратовдун 2017-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
Тѳрага | А. Саматов |
|
|
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Халмуратовдун 2017-жыл ичинде жергиликтүү маанидеги маселе боюнча аймактын жашоо турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан аткарылган иштери жөнүндө.
МААЛЫМАТ:
1). Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу , ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу.
а).Ак-Суу айыл аймагыны 2016-2017-жыл ичинде ЭВРО Биримдиктин колдоосу менен жергиликтүү калктын социалдык экономикалык абалын көтөрүү жана жашоо шартын жакшыртуу максатында бир топ алгылыктуу иштер жасалып жалпы 25 чакан долбоор ишке ашып 30 иш орун тузулду . Атап айтканда бардык долбоорлор конкурс негизинде тандалып алынды .
Алар Алга айылында 2 долбоор ( 2куноскана )
Жеңиш айылында 8 долбоор ( 2күноскана, 2 кичич тигүү цехи . 1 компюьтердик борбор . 1 кондитердик цех. 1 чач тарач , 1 took ферма)
Ак-Суу айылында . 11 долбоор ( 4 күнөскана , 1 жем майдалоочу цех. 1 компюьтердик борбор , 2 курулуш үчүн комплект опаловка мешалка , 1вет аптека .1 took ферма ,1 доңгөлөк жамоочу жай.)
Суу-Башы айылы боюнча 3 долбоор ( 1 күнөскана, 1 took фермасы, 1 жем майдалагыч)
Жалпы 2 млн 100 мин.
Б). Алга айылындагы эскилиги жеткен Алга ФАПтын ордуна "Катар Хайрия" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен " Асанаабил "кайрымдуулук уюум) тарабынан жалпы суммасын 6 млн 700 мин сомдук жаңы заманбап ФАП курулуп бардык керектүү эмеректер менен камсыздалып жылуулук системасы орнотулду . Ошондой эле бардык талаптары жооп бергендиктен бүгүнкү күндө аталган ФАПтын ордуна № 29 УБДТ иштеп жатат . Бүгүнку күндө Жеңиш жана Алга айылдагы элдерди медициналык жактан теилеп жатат .
2. Муниципалдык менчикте турган социалдык обьектерди Кыргыз Республикасынын " Таза Коом " программасынын негизинде 6 орто мектепке 3 балдар бакчасына ошондой эле айыл өкмөтүнүн кеңсесине видео заманбап видео көзөмөл орнотулду .
3 .Калкты ичуучу суу жана сугат суу менен камсыздоо максатында Ак-Суу -Суу ИСКАКБсынын таза суу линиясында суунун көлөмү азайып Алга, Жеңиш айылдарынын кээ бир суу тутуктөрүндө суунун көлөмү азайгандыктан айыл өкмөтү АКТЕД уюуму менен биргеликте каптаждан резервуарга чейинки аралыкка диаметри 150 өлчөмдөгу полителен труба менен кошумча линия тартылды . Натыйжада таза суунун көлөмү кобөйүп таза суу линиясы барбаган маалаларга жана жеке үйлөргө суу киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан Суу-Башы айылындагы жогорку айыл участогуна 3 км жерге таза суу линиясы тартылды . Жеңиш айылынын Карав-Даван участогунун Каргалысай участогуна чейин 3 км жерге таз-а суу линиясы тартылды . Ошондой эле Ак-Суу айылынын Коргон сай мааласина сугат суу линиясы тартылды
4 . Аксуу айылынын абалы эни начар аталган 1,7 км жерге шагыл кум тошолду . Ошондой эле жеке ишкер Ш.Пирматовдун жардамы менен Алга айылынын Учкотон участогундагы жайыт жана элдердин улуш жерлерге жазгы жана кузгу талаа иштерине баруучу Тажик республикасы аркылуу барган жол туз баруу жол салынып жергиликтуу калктын эгин талааларына барууга шарт тузулду .
5 . Кыргыз Республикасынын "Таза Коом " Жаңы Доорго Кырк" кадам программасынын алкагында Ак-Суу айылынын И.Раззаков борбордук көчөсүнө жергиликтүү бюджет жанан райрндук өнүктүрүу фондунун колдоосу менен түнкү жарыктандыруу орнотулду . Түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн тендер жарыяланып натыйжада 2 ишкана катышып арзан бааны сунуштаган ишкана долбоорду ишке ашырды . жалпы суммасы 482 мин сомдук анын ичинен 322 мин жергиликтүү бюджет ,160 мин сом райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен . Мурда орнотулган түнкү жарыктандуруулар калган ички көчөлөргө орнотулду .
6. Турмуш тирчилик калдыктарын жыйноону ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу үчүн атайын жай ажыратылып мамлекттие каттоодон өткөн