Редакцияот 29.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Акназаров айылдык кеңешинин XXXI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2017-жылдын 29-июну №3

БСРди капиталдык ремонттон өткорүү жөнүндө

 

Акназаров айылдык кенешинин 31 -чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын кезектеги 3-сессиясындагы протоколдун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Акназаров айыл өкметүнө караштуу МТФ дагы № 4 БСР капиталдык ремонттон өткөрүлсүн.

2.  Талас өнүктүрүү фондунан МТФ дагы № 4 БСРди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн колдоо көрсөтүү жагы суралсын.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Тынысовго жүктөлсүн.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Тѳрага

Р. Рысматов