Редакцияот 01.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Арык айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

 

2018-жылдын 01-февралы №11/3

Жаны-Арык айылына жаныдан заманбап мечит куруу үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө

 

Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Жаны-Арык айылындагы жашоочулардын заманбап жаны мечит куруу үчүн жазган арызын карап жана талкуулап Жаны-Арык айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн Жаны-Арык айылына заманбап жаны мечит куруу үчүн № 843 контурунан 0.06га жер участогун ажыратып берүү жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Суралсын Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан тийиштүү документерди даярдап берүү жана каттоо жагы.

3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Козубаевге, жүктөлсүн.

4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы : Айыл ,суу чарба өндүрүштү көтөрүү ,кайра иштетүү ишканалар менен иш алып баруу туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Тѳрага

Ж.Осумбеков