АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХХХII сессиясы
2016-жылдын 11-ноябры №32-8
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун конкурсуна катышуусу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси С.+мүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылында АРИС (коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун) 3-долбоорунун алкагында түзүлгөн фокус топтордун өткөргөн жыйындарынын жыйынтыгы боюнча муктаждыктардын ичинен 1-орунга чыккан атайын техника (эксковатор) алуу АРИСтин облустук түзүлгөн комиссиясына сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мурдагы алынган атайын техника (эксковатор) эскилиги жетип токтоп калуу коркунучунда тургандыгы эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Айдыралиев |
|
|