Редакцияот 22.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жергетал айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2018-жылдын 22-январы №4

Типтүү келишимди түзүү жөнүндө

 

Жергетал айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды келишимдин негизинде өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушту карап жана талкуулап депутаттардын Жергетал айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарына ылайык Жергетал айыл аймагынан алыскы жана жакынкы жайыттарды Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү келишими бекитилсин (келишим тиркелет).

2. Жергетал айыл өкмөтү менен жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыт инфраструктурасынын обңектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары түзүлсүн.

3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Т. Сакеевке жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Ж. Молдояров