КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2018-жылдын 15-январы № 9-1
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин бюджет –финансы жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу , 2018-жылга пландарын жана бюджетин жана 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү корутундусунун негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уведомлениелер менен № 1 тиркемеге ылайык канаатандыраарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү , өздүк бекитилген киреше 1853,9( бир миллион сегиз жүз элүү үч миң тогуз жүз )сом , теңдөөчү грант 4594,1 (төрт миллион төрт жүз токсон төрт миң бир жүз) сом; жалпысы 6474,0 (алты миллион төрт жүз жетимиш төрт миң) сом суммасында № 2 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.Киреше бөлүгүнүн 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоору № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 5,6,7,8,9.!0 тиркемелерге ылайык 6474.0( алты миллион төрт жүз жетимиш төрт миң) сом менен бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга жана 2019-2020-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна жана 12-статьясынын 3-пунктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдарга , калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалсын.
3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Мамыралы у Б. |
|
|