Редакцияот 15.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

 

2018-жылдын 15-январы № 9-3

Мечитке Кой-Ата ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин мыйзам жана укук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жол-Сай айылындагы мечитке Кой-Ата ысмы ыйгарылсын жана мындан ары “Кой-Ата мечити ” деп аталсын.

2. Ат коюуга тиешелүү иш-кагаздарын кайрадан өзгөртүп түзүү айылдын тургуну Орозалиев Узонго милдеттендирилсин.

3. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы А.Калматовага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Мамыралы у Б.