Редакцияот 30.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешкент айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVI сессиясы

 

2017-жылдын 30-декабры №85

Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017 – жылдын бекитилген бюджеттин сметасына кошумча салыктын эсебинен киреше жана чыгаша бөлүмдө-рүнө 50 000 (элүү мин) сомго өзгөртүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев К нын айылдык кеңешинин төрагасы О. Баховатдиновго берген сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешкент айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017 – жылдын бекитилген бюджеттин сметасына кошумча патент салыктын эсебинен киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө 50 000 (элүү мин) сомго өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, план, бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Тѳрага

О. Баховатдинов