БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешкент айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 29-январы №88
Бешкент айыл Өкмөтүндө 2017 – жылдын жыйынтыгы айыл Өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жана 2018 – жылга божомолу жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселе болгон Бешкент айыл Өкмөтүндө 2017 – жылдын жыйынтыгы, айыл аймагынын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндө депутаттар угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешкент айыл Өкмөтүндө 2017 – жылдын жыйынтыгы жана айыл аймагынын социалдык – экономикалык негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Бешкент айыл Өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн 2017 – жылда аткарылышы боюнча ашыра аткарылгандыгы көнүлгө алынсын.
3. Бешкент айыл аймагынын социалдык өнүгүүсү, айыл – кыштактарда инфраструктуранын жакшырышы боюнча туруктуу өнүгүү программасында кабыл алынган объекттердин бүткөрүлүүсү алардын ар биринин план боюнча аткарылышын жакшы экендиги белгиленсин.
4. Бешкент айыл Өкмөтүнүн социалдык – экономикалык өнүгүү программасын аткаруу үчүн талапты күчөтүү, орун алган кемчиликти тез арада жою, ички жана тышкы резервдерден толук пайдалануу, бардык чарба жүргүзүүчү субьекттерге тапшырылсын.
5. Бешкент айыл аймагында 2017 – жылда социалдык – экономикалык өнүгүү программасынын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды райондук статистика комитетине квартал сайын отчеттук айдын акыркы күнгө чейин билдирип туруу атайын адиске тапшырылсын.
6. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | О. Баховатдинов |
|
|