Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №XVII-10
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-10 токтомуна №1 тиркеме
|
| Ноокат шаардык кеңешинин 2018-жылдын 20-декабрындагы V чакырылыш XVII сессиясынын №XVII-10 токтому менен бекитилген
|
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө
1. Жалпы жоболор
1.1. Жобо шаардык аймактын чегинде жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын изилдөө боюнча биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (мындан ары – БМ ж Б Тобу) ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана тартибин аныктайт.
1.2. БМ ж Б Тобу жергиликтүү жамаатка берилген кызмат көрсөтүүнүн/жумуштардын сапатына мониторингдик изилдөө жүргүзүү максатында түзүлөт.
1.3. БМ ж Б Тобунун мүчөлөрүнүн курамы ыктыярдуу негизде түзүлөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, тартылган адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ишкерлер жана жергиликтүү жамааттын жашоочулары кирет.
1.4. БМ ж Б Тобу өз ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча шаар мэрына, шаардык кеңештин төрагасына жана жергиликтүү жамаатка отчет берет. Отчеттуулуктун формасын Топтун мүчөлөрү аныкташат.
2. БМ ж Б Тобунун компетенциясы
2.1. БМ ж Б Тобунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
- кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо;
- кызмат көрсөтүүнүн кабыл алынган стандарттарга шайкештигин баалоо;
- колдонулган ресурстардын сапатын баалоо;
- комплекстүү анализ жана баалоо.
2.2. БМ ж Б Тобунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана натыйжалуулугуна мониторингдик изилдөөлөрдү жүргүзөт;