ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2018-жылдын 10-январы №3
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы орто мектебинин Балаты залын жасалгалоо максатында паного жана скамейкага жаңы жабуу орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин Балаты залын жасалгалоо максатында паного жана скамейкага жаңы жабуу орнотуу боюнча А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Г.Д.Турдалиеванын кайрылуусун карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебининБалаты залын жасалгалоо максатында паного 6 000 (алты миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин скамейкасына жаңы жабуу орнотуу үчүн 7 000 (жети миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М. |
|
|