Редакцияот 10.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2018-жылдын 10-январы № 7

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары Осмонова Дилбарга, Рысбаева Анарбүгө, Барпиев Касымбекке акча каражатынан жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары Осмонова Дилбардын, Рысбаева Анарбүнүн, Барпиев Касымбектин кайрылууларын карап чыгып, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.         Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Кызыл-Токой айылынын тургундары Осмонова Дилбарга дарылануу үчүн 20000 ( жыйырма миң) сом акча каражаты , Рысбаева Анарбүгө дарылануу үчүн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты, Барпиев Касымбекке дарылануу үчүн 20000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.         Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3.         Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Каипов М.