Редакцияот 10.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2018-жылдын 10-январы № 8

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек, Горняк 1,2, Ынтымак көчөлөрүнө айыл лакамын берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек, Горняк 1, Горняк 2, Ынтымак көчөлөрүнө айыл лакамын берүү максатында Терек-Сай айылдык аймагынын жооптуу катчысы Б. Анарбаеванын жана жер адиси И.Смановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек–Сай айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Ак-Терек. Горняк 1, Горняк 2, Ынтымак участкасына «Ак-Терек айылы» лакамын берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2. Бул токтомду аткаруу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын жер адиси И.Смановго жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өнөр жай, транспорт, байланыш, курулуш, энергетика жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Каипов М.