Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №8

Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө

 

Терек – Сай айылдык аймагынын жооптуу катчынын билдируусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIIIчакырылышынын I кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы айтылган толуктоолорду эске алуу менен бекитилсин.

2. Терек-Сай айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Жалал-Абад областынын Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн..

3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештинмыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Каипов М.Э.