Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №12

Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын кошумча имаратына суу чыгаруу жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын кошумча имаратына суу чыгаруу боюнча Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын башкы дарыгери П.Д. Ташбалтаеванын кайрылуусун карап чыгып, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылдык аймагынын ооруканасынын кошумча имаратына суу чыгаруу үчүн 10000 ( он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановагамилдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Каипов М.Э.