ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 14-февралы №1
Терек-Сай айылдык аймагындагы муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө
Терек – Сай айылдык аймагы тарабынан муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү боюнча 14.02.2018-жылдагы сунушун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагы тарабынан түзүлгөн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси бекитилсин.
2. Бекитилген кошумча тизмеге ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүү жагы тиешелүүлүгүнө жараша Терек-Сай айылдык аймагынын муниципалдык кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин укук тартиби жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|