Редакцияот 16.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2018-жылдын 16-февралы №1

Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылы аткарган иштери жана 2018-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жайыт комитетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде аткарган жумуштары сын пикирлерди эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.

2. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 302 811 сомго айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин жана анын ичинен кирешеден жер салыгынын, айлык акынын, соц.фонддун 17,25%-тун акчалары чыгарылгандан кийин, сумманын 3/1 бөлүгү айыл аймактын счетуна которулуп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Каипов М.Э.