ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018-жылдын 16-февралы №2
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин балдарга ысык тамак берүү үчүн тамак берүүчү жай менен тамак бышыруучу жайды бөлүүгө акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
№ 18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин директору Г.Турдалиеванын мектептин ашканасындагы тамак берүүчү жай менен тамак бышыруучу жайды бөлүү керектиги жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу №18 А.Чымканаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин тамак бышыруучу жайы менен тамак берүүчү жайын бөлүү үчүн керектүү курулуш материалдарын алууга 52 420 (элүү эки мин төрт жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|