Редакцияот 16.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2018-жылдын 16-февралы №3

Терек-Сай айылдык аймагынын оорууканасынын кошумча имаратын бүткөрүү үчүн демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин директору Т.Орозбаевдин Терек-Сай орто мектебинин 30 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата пландаштырылган иш-чараларды аткаруу максатындагы кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүү мектебинин 30 жылдык мааракесин өткөрүүгө карата уюштуруу иштерине 30 000 (отуз мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Каипов М.Э.