ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018-жылдын 16-февралы №7
Ноокат районунда өтүүчү А.Мадрасуловдун 60 жылдык мааракесине карата өткөрүлүп жаткан волейбол оюну боюнча турнирге барып келүүгө транспорт чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тренери Ж.Ташболотовдун Ноокатрайонунда өтүүчү А.Мадрасуловдун 60 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү волейбол оюну боюнча турнирге катышып келүүгө машыгуучу балдардын транспорт чыгымдарына акча каражатын чечип берүү үчүн жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районунда өтүүчү А.Мадрасуловдун 60 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүчү волейбол боюнча турнирге барып келүүгө машыгуучу балдарга транспорт чыгымдары үчүн 13 000 (он үч мин) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Каипов М.Э. |
|
|