ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын IV сессиясы
2017-жылдын 17-марты №4
Айыл аймактын чегинде ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө
Чаткал айыл окмотуно караштуу айылдардагы ветеринардык кызмат көрсөтүүдөн алынуучу төлөм каражаттары боюнча вет адисинин сунушун угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда 2017-жылга карата ветеринардык кызмат көрсөтүүдөн алынуучу каражаты төмөндөгүдөй суммада бекитилсин.
Ø 1 баш жылкыга даары берүү (оозу аркылуу) 30 сом өлчөмүндө.
Ø 1 баш жылкыга кан тамырдан дары берүү (кан алуу) 50 сом өлчөмүндө
Ø 1 баш уйду кара санга дары берүү 10 сом өлчөмүндө
Ø 1 баш уйдан кан алуу 40 сом өлчөмүндө
Ø Кой эчкилерди дарылоо 10 сом
Ø Иттерди кутурмага дарылоо 40 сом
Ø Иттерди эхинококозго дарылоо ( азинокз) таблетка 10 сом
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айыл өкмөтүнүн айыл чарба адиси Б.Өмурбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|