Редакцияот 02.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 02-июну №4

АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун жана ал долбоорун кароо жөнүндө

 

“АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун” алкагында Чаткал айылдык аймагынын Чаткал айыл өкмөтүндө жайытарды туура пайдалануу үчүн атайын жана айыл чарба техникаларын шаймандары менен сатып алуу боюнча Чаткал жайыт комитетинин сунушун угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал айыл өкмөтүндөгү Чаткал жайыт пайдалануучуларга ынгайлуу шарт түзүү максатындагы “АРИСтин ПРЖ-2 долбоорунун” алкагында уюштурулуп жаткан атайын жана айыл чарба техникаларын шаймандары менен сатып алуу боюнча долбоору жактырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чаткал айылдык кенешинин төрагасынын орун басары С.Субановго тапшырылсын.

 

Тѳрага

Эргеш уулу У.