Редакцияот 16.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи шайланган) XХI сессиясы

 

2016-жылдын 16-августу № 6

Сары-Колот айылындагы № 8 А.Кулботоев атындагы орто мектебине материалдык жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ

Депутаттар Сары-Колот айылындагы № 8 А.Кулботоев атындагы орто мектебине материалдык жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳгү директордун арызын карап жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 8 А.Кулботоев атындагы орто мектебинин директорунун арызы канааттандырылсын жана мектепти оңдоо иштерине 30 000 (Отуз миң) сом ѳлчѳмүндѳ материалдык жардам кѳрсѳтүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Б. Жунусов