Редакцияот 28.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи шайланган) 22 сессиясы

 

2016-жылдын 28-октябры № 4

Мѳнѳк “Кызыл кызгалдак” балдар бакчасында мүчѳлүк акынын ѳлчѳмүн бекитүү жѳнүндѳ

Депутаттар Мѳнѳк “Кызыл кызгалдак” балдар бакчасынын ата-энелер комитетинин чогулушунун протоколу менен таанышып жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кызыл кызгалдак” балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын айлык мүчѳлүк акысы – айына 650 (Алты жүз элүү) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.

2. Токтомдун кѳчүрмѳсү балдар бакчасынын жетекчилигине ата-энелерге тааныштыруу үчүн берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Б. Жунусов