Редакцияот 28.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (бешинчи шайланган) 22 сессиясы

 

2016-жылдын 28-октябры № 8

“С.Жалалдинов” атындагы СПАсынын кайрылуусу жѳнүндѳ

Депутаттар “С. Жалалдинов” атындагы СПАсынын жетекчиси М.Халиловдун СПАга КБФунун жерлеринен ижарага жер ажыратып берүү жѳнүндѳгү кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КБФунун жерлерин ижарага берүү жѳнүндѳ арыз берген дыйкандардын саны ѳтѳ кѳп болгондугуна байланыштуу “С. Жалалдинов” атындагы СПА сынын кайрылуусу канааттандырылбасын.

2. Токтомдун кѳчүрмѳсү СПАнын жетекчилигине маалымат үчүн берилсин.

 

Төрага

Б. Жунусов