Редакцияот 10.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сейдикум айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 10-октябры №5

Сейдикум айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жаткан жер тилкесин пайдаланууга берүү жөнүндө

 

Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бош жаткан жер тилкесин пайдаланууга берүү учун Сейдикум айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын VIII-сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Т.Акматов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесине намаз окуучу мечит куруу үчүн пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.

2. Сейдикум айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Т.Акматов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесине намаз окуучу мечит куруу үчүн пайдалануу документтерин даярдап берүү жагы Сейдикум айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

Б.Турсункулов