Редакцияот 12.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Масалиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы

 

2019-жылдын 12-февралы №22/7

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги О.Кочкоровдун сунушу жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Лесхоз айылындагы Кара-Дөбө ФАПнын эски имараты Кадамжай райондук ИИБнын аймактык тескөөчүлөрүнө пайдаланууга берүүнү мыйзам чегинде чечүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

2. Пайдаланууга өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Тѳраганын орун басары

Б.Сатывалдыев