Редакцияот 11.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 11-ноябры № 47

Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин тогуз ай ичинде аткарган иштери жөнүндө

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин тогуз ай ичинде аткарган иштери жана “Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын” көтөрүү жөнүндө салык жыйымдар боюнча башкы адис Х.Нийматиллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин тогуз ай ичинде аткарган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары” 1ге көтөрүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мажилимов