Редакцияот 11.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 11-ноябры № 49

АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун экинчи траншы боюнча конкурстук комиссиянын ишин кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенттиги (АРИС) ишке ашырып жаткан ПСИ-3 (Айылдарды Инвестициялоо Долбоору) долбоорунун алкагында аткарылып жаткан жумуштардын негизинде конкурстук комиссиянын ишин карап чыгып, Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту Өнүктүрүү жана Инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) ишке ашырып жаткан ПСИ-3 (Айылдарды Инвестициялоо Долбоору) долбоорунун алкагында аткарылып жаткан конкурстук комиссиянын жыйынтыгы туура деп бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Сайкаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мажилимов