Редакцияот 23.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезексиз XXVII сессиясы

2020-жылдын 23-марты № 3

2020-жылдын 15-апрелинен 30-апрелине чейинки мезгилдеги дем алыш майрам күндөрү жөнүндө

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында короновирус пандемиясынын пайда болушун алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, экономикалык чараларды ишке ашыруу максатында,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 18,19,25,26-апрель дем алыш күндөрү иш күн болгондугуна байланыштуу Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 174-175 беренелерине ылайык акы төлөп берүү жагы Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финисы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана мыйзамга ылайык иш алып барып, көзөмөлдөө жагы Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага жүктөлсүн.

 

Төрага

Болот уулу Денисак