Загрузка документа…
«БЕКИТЕМИН»
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн
башчысы: Н.Мадимаров.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүү программасы
Кириш сөз
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүүсүнүн программасы райондо тездетилген экономикалык өcүштү жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүнү камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-сентябрындагы “Жаны доорго кырк кадам 2018-2023” программасын ишке ашыруу боюнча № 609 буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-сентябрындагы № 602 токтомун ишке ашыруу жөнүндө” № 663-б буйругу жетекчиликке жана аткарууга алынып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаны доорго кырк кадам” программасында кабыл алынган иш-пландар Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын стратегиялык туруктуу өнүгүү программасында кенири камтылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын “Таза Коом-Жаңы Доор” 2018-2040 Туруктуу өнүгүү стратегиясынын негизинде, биринчи кезекте амбициялуу, бирок аткарыла турган, экономиканы өнүктүрүү боюнча милдеттерди ишке ашырууга багытталган, аларга санарип технологиясын киргизүү, стратегиялык пландоого программалык ыкманы колдонуу, ошондой эле салыштырмалуу түрдө артыкчылыгы бар жана калктын жашоо-турмушуна жакшы социалдык натыйжа берүүгө жөндөмдүү болгон тармактарда айыл өкмөтүнүн экономикасынын прогрессивдүү адистешүүсү менен аткарыла турган милдеттер коюлушу зарыл.
Анда негизинен, 2018-2040-жылдарга стратегия ыраттуу экономикалык өсүштүн, татыктуу жумуш орундарын түзүүнүн жана сактоонун, региондорду бирдей өнүктүрүүнүн, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын күчөтүүнүн, өлкөдөгү өндүрүш потенциалын жана инновациянын сапатын жакшыртуунун эсебинен элдин татыктуу жашоосуна шарттарды түзүп берүүгө багытталган.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга стратегиялык туруктуу өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын “Таза Коом-Жаңы Доор” 2018-2040 Туруктуу өнүгүү стратегиясынын алгачкы 6 жылдык программасы болуп эсептелип, өлкөнүн экономикасынын, калктын социалдык жашоосунун өсүш жана өнүгүү процесстеринин динамикалуулугун камсыз кылууга, ошондой эле жарандар үчүн тынч жана коопсуз жашоо шарттарын түзүүгө багытталат. Программалык-максаттык ыкма программалык аракеттердин максаттуулугун камсыз кылат, аларга жетишүү боюнча артыкчылыктуу милдеттердин жана пландардын чөйрөсүн чектейт. Программанын алкагында беш жылдык өнүгүү долбоорлору ишке ашырылат, алар программанын милдеттерин этап-этабы менен аткарууга мүмкүндүк берет.
Бул стратегиялык негизди куруу үчүн биринчи кезекте “Таза коом” программасы ишке ашырылат:
“Таза Коом”- мамлекетти башкаруу системасын жана коомдун жашоо-турмушун санариптик трансформациялоо – Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн экономикасын жана жашоо-турмушун санарипке өткөрүү бул үй чарбаларынын, фирмалардын, жергиликтүү бийликтин өз ара байланышын оптималдаштыруу, коррупцияны жоюу, райондун инвестициялык жагымдуулугун көбөйтүү, өнүгүү үчүн инфраструктуралык базаны жакшыртуу үчүн санарип технологияларынын мүмкүндүктөрүн дайыма колдонуу.
Экономикалык секирик үчүн негизди калыптандыруу - бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча иш-чаралардын комплекси татыктуу жумушчу орундарын түзүүгө, экспортту көбөйтүүгө, өлкөнүн инфраструктурасын, билим берүү, саламаттык сактоо системасын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүү; агроөнөр жай комплексинде, өнөр жайда, туристтик тармакта обьекттерди курууда жана башка тармактарда ишкерлик активдүүлүктү өстүрүүдө калктын экономикалык бакубаттыгынын жана социалдык бакубаттыгынын өсүшүнө өбөлгө болуу.
Жагымдуу бизнес-чөйрө - чакан жана орто бизнес экономикада маанилүү ролду ойнойт. Бийликтин жана бизнес-ассоциациялардын өз ара өнөктөш мамилелерин орнотуу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, экономиканын ар кайсы тармактарындагы ишкерлердин ишин кеңейтүү жана региондордо жумушчу орундарын түзүүнү колдоонун эсебинен камсыз кылуу саналат. Ишкерлердин жөнөкөй жана түшүнүктүү иш эрежелери менен комфорттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү.
Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин ишке ашыруу, региондорду өнүктүрүүгө болгон мамилени системалуу өзгөртүү жана мамлекет менен коомдун күч аракетин бириктирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү” № 2 Жарлыгын ишке ашыруу жана аткарууга, жетекчиликке алуу, 2018-жылы региондорду колдоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү саясатын түп тамырынан өзгөртүүнүн негизин салуу, ар бир айыл аймак боюнча узак мөөнөттүү программаларды кабыл алуу, алардын базасында иш-чаралардын жылдык пландарын бекитүү жана турмушка ашыруу эн маанилүү милдет болуп эсептелет.
Бул стратегиялык программа Кыргыз Республикасынын “Таза Коом-Жаңы Доор” 2018-2040 Туруктуу өнүгүү стратегиясында, “Жаны доорго кырк кадам” программасында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы” Жарлыгында камтылган социалдык-экономикалык өнүгүү жана элдин жашоо абалын жакшыртуу боюнча койгон тапшырмаларында белгиленген, негизги багыттарга таянуу менен райондун аймагындагы колдо бар ресурстарга, жана башка экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Стратегиянын негизги максаты:
Жергиликтүү жана сырттан тартылган ресурстарды эффективдүү пайдаланып, райондун приоритеттерине негизделген программаларды ишке ашыруу аркылуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүү. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка резервдерди, ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүнүн модели системалуулукка, комплекстүүлүккө жана тендештикке карай умтулууну максаттайт. Бул максатка жетүү үчүн жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын райондун эномикасына активдүү тартуу талап кылынат.
Стратегиянын негизги багыттары:
Райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп агрардык секторду өнүктүрүү, башкача айтканда айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында айдоо жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүүгө, мал чарбачылыгында малдардын башын артырууга эмес, алардын асылдуулугун жана азыктуулугун артырууга, өндүрүлгөн продукцияларынын сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып кайра иштетүүгө жетишүү болуп эсептелет. Бул тапшырмаларды чечүү үчүн ички потенциалдарды ишке киргизүү менен сырткы жана ички инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү чакан ишканаларды көбөйтүү аркылуу ар түрдүү багыттагы айыл чарба кооперативдерди уюштуруу жолу менен чечүүгө багытталат.
Ал эми, экинчи негизги багыт болуп эсептелген өнөр жайында токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү, кошумча жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү менен тоо кен тармагындагы райондун болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн кенири пайдалануу максатында сырткы жана ички инвестицияларды тартууга негизги күч багытталмакчы. Бул багытта, алдынкы технологиялар менен экологияны сактоого камсыздалган жаны ишканаларды курууга өзгөчө көнүл бурулмакчы. Калктын өнөр жай тармагында аракеттенген ишкерлерге да ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын негизги милдетеринин бири болуп калмакчы.
Базар экономикасынын шартында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте райондун экономикасын көтөрүүнүн приоритеттүү багыттары болуп эсептелген бизнестин бардык түрлөрүнө, кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү багыттында ишкердүүлүктүн жакшыруусуна бөгөт койгон административдик барьерлерди жок кылууга өзгөчө көңүл бөлүнмөкчү.
Социалдык тармакта калкты социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн стратегиялык пландардын негизинде иштер жүргүзүлөт. Бул багытта биринчи кезекте калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаны жумушчу орундарды түзүүгө, райондун аймагындагы жаштарды патриоттуулукка тарбыялоо, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоого ар тараптан чечкиндүү чараларды көрүү менен билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, аларга кесиптик багыт берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чындоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртууга өзгөчө көнүл бурулат. Өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына керектүү адистер менен камсыздоо үчүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барылат.
Ошондой эле, айыл аймагындагы айылдарда инфраструктураны жакшыртуу, калкты байланыш кызматы менен тейлөөнү, ички жолдорду ондоо жана транспорт катнаштарын жакшыртуу, элди таза суу менен камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү багытында натыйжалуу иш аракеттер көрүлмөкчү.
Жогорудагы белгиленгендердин негизинде Ноокат районунун 2018-2025-жылдарга стратегиялык өнүгүү программасын турмушка ашыруунун башкы багыттары болуп:
- Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу жана алардын көлөмүн арттыруу;
- токтоп турган ишканаларады жандандыруу жана кошумча өнөр жай ишканаларын ачуу менен сапаттуу продукциялардын көлөмүн көбөйтүүгө жетишүү;
- Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн айылдык аймактарда киреше булактарын көбөйтүү чараларын көрүү менен өзүн-өзү камсыздоонун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, тоо кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдөн кенири пайдалануу жолу менен кошумча жумушчу орундарды түзүүгө жетишүү;
- айылдардын инфраструктурасын (жол, жарыктандыруу, таза суу менен камсыз кылуу ж.б.), социалдык-маданий багыттагы обьектилердин иштөө шарттарын жакшыртууга жетишүү;
- соода жана тейлөө маданиятынын жогорулатуунун чараларын көрүү;
- ички жана тышкы инвестицияларды тартуунун көлөмүн артыруу;
- эс алуучу жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу жана толук кандуу шарттарды түзүү менен туризмди өнүктүрүү;
- ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ирригациялык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана модернизациялоо
- мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чындоо, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, тарбиялык иштердин жана балдардын билим денгээлин көтөрүүнүн чараларын көрүү;
- билим берүү мекемелерин компьютер, окуу куралдар менен толук камсыздоого жетишүү, интернет тармагына бардык мектептерди кошуу;
- саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелеринин ишин жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу чараларын көрүү;
- санарип инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана сапатын жакшыртуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, бирдиктүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу бирдиктүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча жобону; Таза Коом” санариптик трансформациялоо программасы; электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси; электрондук төлөө шлюзу жөнүндө жобону;
- чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү болуп эсептелмекчи.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ПАСПОРТУ
1. Аталышы: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү
1.1 Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн карамагына кирген: айылдардын саны -7, калктын саны - 20970 адам.
1.2 Географиялык жайгашкан жери: Ош облусунун Түштүк бөлүгүндө, ал эми Ноокат районунун батыш бөлүгүндө жайгашкан.
Климаты: Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө климаты кескин континенталдуу, жайы ысык, кышы өзгөчө суук болуп төрт айга созулат.
к/н № | Негизги көрсөткүчтөр | Маалымат | |
1.3. | Административдик-географиялык жайгашуусу: | Т.Кулатов айыл өкмөтү 1995-жылы уюшулган. Ош облусунун түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Айыл өкмөтүнө 7 айыл кирет.
| |
Жакынкы темир жол станциясына чейинки аралык, км менен: | 15 | ||
Жакынкы аэропортко чейинки аралык, км менен: | 84 | ||
Дениз денгээлинен бийиктиги, метр менен: | 1200-1700 | ||
|
| ||
1.4. | Аймагы, миң. кв. км менен | 29154,0 | |
|
| ||
1.5. | Калкы–жалпы адам саны | 20970 | |
аныничинен: Эркектер - баары; | 10297 | ||
Аялдар - баары; | 10673 | ||
Анын ичинен жаш айырмасы боюнча: |
| ||
0-15жаш | 5409 | ||
16-62 жаш | 13486 | ||
63жаштан жогору | 2075 | ||
1.6. | Улуттук курамы, адам саны менен: |
| |
кыргыздар | 20964 | ||
өзбектер | 4 | ||
орустар | 0 | ||
украиндер | 0 | ||
немецтер | 0 | ||
татарлар | 0 | ||
уйгурлар | 0 | ||
дунгандар | 0 | ||
түрктөр | 0 | ||
тажиктер | 0 | ||
казахтар | 0 | ||
башкаулуттар | 0 | ||
1.7. | Айыл өкмөтүнүн аппаратындагы кызматкерлердин саны | 28 | |
1.8. | Коомдукбирикмелер: |
| |
Аксакалдар соту | 1 | ||
Коомдук профилактикалык борбор | 0 | ||
Укуктук тартипти коргоо кошундары | 5 | ||
Милицияга көмөктөшүүчү отряддар | 0 | ||
Аялдар комитети | 1 | ||
Бей өкмөт уюмдар: | 0 | ||
аялдар коомдук уюму | 0 | ||
Адам укугун коргоо боюнча | - | ||
Жана башкалар | - | ||