Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 5-январындагы N 6 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы N 502, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Киришүү
Бул Жобо "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
Дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн сертификаттоо боюнча бул Жобонун максаты айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү үчүн, ошондой эле аларды сатуу үчүн пайдаланылуучу жогорку сапаттуу үрөндөрдү өстүрүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобонун иш аракети Кыргыз Республикасында сертификатталана турган үрөндөргө таралат.
1.2. Бул Жобо:
- илим изилдөө же эксперименттик максаттарда пайдаланууга дайындалган үрөндүргө;
- жаңы сортторду селекциялоо максатында пайдаланууга дайындалган же пайдаланып жаткан үрөндөргө;
- сертификаттоого жатпаган үрөндөргө карата колдонулбайт.
1.3. Үрөндөрдү, көчөт материалын сертификаттоо, сортторду сыноо жана каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ушул Жобого, башка нормативдик-укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.5. Ушул Жободо колдонулган терминдер жана түшүнүктөр 2-тиркемеде берилген.
1.6. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен учурдан тартып күчүнө кирет жана бардык мурдагы нормативдик документтерди, дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн сапатын күбөлөндүрүүнүн жөнгө салуучу тартибин жана аларга толуктоолорду жокко чыгарат.
2. Сертификаттоого тийиш болгон сорттор
2.1. Мамлекеттик тармакта эки жылдык сыноодон өтүшкөн, түшүмдүүлүгү жана сапаттык көрсөткүчтөрү боюнча конкреттүү кыртыштык-климаттык шарттарда айырмаланышкан сорттор Кыргыз Республикасынын райондоштурулган сортторунун Мамлекеттик реестрине киргизилет да, кийин Кыргыз Республикасынын тийиштүү региондоруна сунуш кылынат.
2.2. Милдеттүү сертификаттоого тийиш болгон дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн тизмеси ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүдө коюлуучу минималдуу талаптар
3.1. Гибриддерди кошпогондо бардык сортторду өндүрүүгө коюлуучу минималдуу талаптар
а) сертификатталган үрөндөрдү өндүрүүгө коюлуучу минималдуу талаптарга булар кирет:
- айдоо жерин талаада текшерүү;
- сертификатталган үрөндөрдүн партиясынан тандалып алынган пробалар (үлгүлөр) менен себилген үрөндүн контролдук участкасын текшерүү;
- үрөн себүүгө тиешеси бар бардык башка маалыматтарды изилдөө;
б) сорттук окшоштукту жана сорттук тазалыкты аныктоочу белгилер "Үрөндөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы белгилеген тартипте аны каттоодогу сорттун белгиси катарында кабыл алынган белгилери болууга тийиш.
3.1.1. Мурдагы себүүлөр
а) бир эле түрдөгү дан өсүмдүктөрүн себүүнүн ортосундагы минималдуу аралыгы кеминде 2 (эки) жылды түзүүгө тийиш;
б) бир эле сортту жана үрөндөрдүн муундарынын ырааттуу себүүлөрү стандарт белгилеген сорттук тазалык камсыз кылынган шартта убактылуу аралыкты сактабастан бир эле талаада өстүрүлүшү мүмкүн;
в) жүгөрү айдоолору бир эле талаада биринин артынан бири келген жылдарда жайгаштырылбашы керек.
3.1.2. Мейкиндик изоляция
а) өзү чаңдоочу өсүмдүктөрдүн айдоолору дан өсүмдүктөрүнүн башка айдоолорунан белгиленген тосмолор менен изоляцияланышы керек же алардын ортосундагы аралык түшүм жыйноо учурунда аралашып кетпегендей болууга тийиш;
б) кайчы чаңдоочу өсүмдүктөрдүн үрөндүк айдоолору, негизинен кайчы чаңдоочу тритикаленин сорттору (х Triticosecale Wittm) кара буудадын жана тритикаленин башка айдоолорунан төмөндөгүдөй тартипте изоляцияланышы керек:
- суперэлита жана элита үрөндөрдү өстүрүүчү үчүн айдоолор - 300 м;
- сертификатталган үрөндөрдү өстүрүүчү үчүн айдоолор - 250 м;
в) тритикаленин өзү чаңдоочу сортторунун айдоолору үчүн башка өсүмдүктөрдүн айдоолорунан же төмөнкү категориядагы тритикаленин башка сортторунан ажыратуучу минималдуу аралык төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- суперэлита жана элита үрөндөрүн өстүрүүчү үчүн - 50 м;
- сертификатталган үрөндөрдү өстүрүүчү үчүн - 20м;
г) жүгөрүнүн сорттору үчүн:
- элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор бөтөн чаңчанып булактарынан кеминде 200 м аралыкта изоляцияланышы керек;
- сертификатталган үрөндөрдү өстүрүүчү айдоолор бөтөн чаңчалардын булактарынан кеминде 200 м аралыкта изоляцияланышы керек.
ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча жагымсыз чаңдашуудан коргоонун башка ишенимдүү ыкмасы болсо, бул аралыктар өзгөртүлүп турушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3.1.3. Отоо чөптөр
Отоо чөптөр өтө басып кеткен айдоолорду бракка чыгаруу керек. Отоо чөптөрдүн чектүү санын аныктаган стандарттар ушул Жобонун 11-бөлүмдө көрсөтүлгөн.
3.1.4. Талаалык апробация
а) айдоолордун өнүгүү фазасы жана абалы сорттук типтүүлүктү жана сорттук тазалыкты текшерүүнү өткөрүүгө мүмкүндүк берген вегетациялык мезгилдерде расмий текшерилип турууга тийиш;
б) апробаторлор "Үрөндүк айдоолордун талаалык апробациясы" деген атайын курстан өтүүлөрү керек. Талааалык апробацияны өткөрүүдө алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартышат;
в) топ гүл пайда болгон мезгилде эн кеминде бир жолу үрөндүк айдоолордун талаалык апробациясы өткөрүлөт. Жүгөрүнүн айдоолорунда сорттук тазалыкты аныктоо кеминде бир жолу текшерилет;
г) сертификаттого берилген партиялардан үрөндөрдүн пробалары эгилген контролдук участкалар жакшылап изилдөө үчүн каалаган учурда ачык болууга тийиш. Контролдук участкаларды текшерүү апробацияга толуктоо катары каралат, ал сорттук тазалыкты аныктоо үчүн үрөндөрдүн бардык категорияларындагы үрөндүк айдоолордо өткөрүлөт;
д) талаалык апробациянын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир талаага карата аны кабыл алуу же бракка чыгаруу маселесин чечет. Мүмкүнчүлүккө жараша тийиштүү контролдук участкаларды карап чыгуунун натыйжаларын иэилдөөнү өткөрүү керек;
е) башка сорттогу өсүмдүктөрдүн жана башка өсүмдүктөрдүн санын аныктоодо апробатор эл аралык жалпы кабыл алынган илимий методиканы жетекчиликке алууга тийиш;
ж) талаалык апробация үчүн жана контролдук участкаларда кабыл алынуучу стандарттар ушул Жобонун 11-бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2. Каалаган өсүмдүктөрдүн гибриддик сортторун өндүрүүдөгү кошумча минималдуу талаптар
а) сертификаттанган үрөндөрдү өндүрүүдө коюлуучу минималдуу талаптарга төмөнкүлөр кирет:
- айдоону талаада текшерүү;
- талаада себилген үрөндөрдүн партиясыпан тандалып алынган пробанын үрөнү себилген участкаларды текшерүү;
- себүүгө тиешеси бар бардык башка маалыматтарды окуп изилдөө;
б) сорттук окшоштукту жана сорттук тазалыкты аныктоочу белгилер Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген сорттор менен гибриддердин Мамлекеттик реестринде аны каттоодогу сорттун белгиси катары кабыл алынган белгилер болуп эсептелет.
3.2.1. Мейкиндик изоляция
а) буудайдын, арпанын же сулунун гибриддик сортторунун сертификатталган I үрөндөрүн өстүрүү үчүн айдоолор бөтөн чаңдашуу булактарынан изоляцияланышы | керек. Үрөндүн энелик түрү аталык түрүнүн айдоолорун кошпогондо кеминде 25 метр аралыкта эгилүүгө тийиш;
б) кара буудайдын элита компоненттерин жана гибриддик сорттордун сертификатталган үрөндөрүн өндүрүүчү үрөндүк айдоолор бөтөн чаңчалардын булактарынан изоляцияланышы керек, анкени ал жагымсыз жат тектүү чаңдатылууга алып келиши мүмкүн. Мейкиндик изоляциянын минималдуу нормалары төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- аталык тазалыкты пайдалануу менен суперэлита жана элита үрөндөрүн өндүрүү үчүн 1000 м, бардык калгандар үчүн - 600 м;
- сертификаттанган үрөндөрдү өндүрүү үчүн - 500 м;
в) жүгөрүнүн гибриддери менен сортторунун аталык түрлөрүнүн жана сертификатталган үрөндөрдүн суперэлита жаиа элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн мейюшдик изоляция жат тектүү чаңдатылуунун бардык булактарынан кеминде 200 м болууга тийиш.
Бул аралыктарды үрөндүк жана себүүчү материалдын апробациясы боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдын чечими боюнча, эгерде кайчы чаңдатуу мүмкүндүгү гүлдөө мезгилиндеги айырмачылыкка байланыштуу жокко тете болсо, өзгөртүп турууга болот.
3.2.2. Талаалык апробация
Айдоолор расмий түрдө текшерүү сорттук типтүүлүктү жана сорттук тазалыкты текшерүүгө өсүмдүктүн өнүгүү фазасы жана абалы мүмкүн болгон учурда өткөрүлүшү керек:
а) айдоолордогу өсүмдүктөр сорттук жана түрдүк тазалыкты так аныктоого мүмкүндүк берген фазада болууга тийиш;
б) химиялык гибриддештирүүнүн агентин (ХГА) колдоонуу менен гибриддик сортторду кийин өндүрүү үчүн дайындалган ата-энелик сорттордун жана түрлөрдүн элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн апробацияны өзү чаңдоочу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүндүкүндөй өткөрүү керек;
в) генетикалык жана цитоплазмалык эркектик стерилдүүлүктү пайдалануу менен гибриддик сорттордун элита үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн эркектик стерилдүү жөнөкөй линия аралык гибриддин ата-энелик түрүн чаңдатуучу жана линияны жана эркектик калыбына келтирүүчү компонентти колдоочу эркектик стерилдүү линияны талаалык апробациядан өткөрүү керек;
г) гибриддик сорттун сертификаттанган үрөнүн өстүрүүчү айдоолор үчүн эки атаэнелик түрдө толук машак пайда болгондо кеминде бир жолу апробацияны өткөрүү керек, бул учурда гибриддик сортту өндүрүү боюнча бардык техникалык талаптардын аткарылышы текшерилет;
д) ХГАны колдонуу менен F1 гибриддик үрөндөрүн өстүрүүчү айдоолор үчүн үрөндүк жана себүүчү материалды апробациялоого мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырган орган энелик форманын же үрөндүн гибриддүүлүгүнүн аталык стерилдүүлүгүнүн деңгээлин аныктоо үчүн дан бышып жетишкен мезгилде экинчи талаалык апробацияны өткөрүүнү талап кыла алат. Экинчи талаалык апробация учурунда апробатор же стерилдүүлүктү, же гибриддүүлүктү процент менен эсептен чыгат;
е) жүгөрүнүн элита үрөнүнүн ата-энелак формаларыл өстүрүү үчүн кеминде эки талаалык изилдөө (текшерүү) өткөрүлөт. Биринчи текшерүү гүлдөө баштала электе, экинчиси-гүлдөө учурунда өткөрүлөт;
ж) жүгөрүнүн гибридинин элита үрөнүн өстүрүү үчүн кеминде үч талаалык апробация өткөрүүгө тийиш. Биринчи апробация гүлдөө баштала электе мейкиндик изоляциянын нормаларын жана сорттук тазалоону сактоону текшерүү үчүн өткөрүлөт. Экинчи жана үчүнчү апробация гүлдөөнүн башталышында жана анын аягында сорттук тазалыкты жана эркектик стерилдүүлүктү текшерүү үчүн өткөрүлөт;
з) жүгөрүнүн сертификатталган гибридин өндүрүү үчүн (F1) 3 текшерүү өткөрүлөт:
биринчиси-энелик формада жиптер 5%ке чейин чачылган мезгилде;
экинчиси-энелик формада жиптер 50%ке чейин чачылган мезгилде;
үчүнчүсү-энелик формада жиптер массалык түрдө чачыла баштаган мезгилде;
и) сертификаттоого коюлган үрөндөрдүн пробалары эгилген контролдук участкалар үрөндүк айдоолорду талаалык апробациялоо учурунда толук текшерүү үчүн дайыма ачык болууга тийиш. Контролдук участкаларды текшерүү талаалык апробация учурунда сорттук тазалыкты кошумча аныктоо максатында каралган;
к) талааалык апробациянын натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу орган ар бир талааны кабыл алуу же бракка чыгаруу маселесин чечүүгө тийиш. Дайыма, канчалык мүмкүндүк болсо, пробалардын айдоолорундагы тийиштүү предконтролдук участкаларды текшерүүдөн алынган натыйжаларды изилдөөнү өткөрүү зарыл;
л) башка сорттогу өсүмдүктүрдүн жана башка түрдөгү өсүмдүктөрдүн санын аныктоодо апробатор ОЕСД сунуш кылган эл аралык жалпы кабыл алынган илимий методиканы жетекчиликке алууга тийиш;
м) талаалык апробация жана контролдук участкалар үчүн колдонула турган стандарттар 11-бөлүмдө көрсөтүлгөн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-апрелиндеги N 149 токтомунун редакциясына ылайык)
3.2.3. Сорттук тазалык
Талаалардагы айдоолордун жана контролдук участкалардагы сорттук тазалыгы боюнча минималдуу талаптар N 11 бөлүмдө аныкталган.
Кошумча:
Өзүн өзү чаңдаштырган линиялар менен сорттордун элита үрөндөрүнүн айдоолору-качан энелик өсүмдүктөрдүн 5%тен ашуусунун энелик мамычалары уруктандырууга даяр болгон фазасында текшерилген жүгөрүнүн ата-энелик формалары мындай учурда бракка чыгарылышы керек:
- эгерде, кандай гана текшерүүлөр өткөрүлбөсүн, чаңчаны таштап койгон же аны таштап жаткан энелик өсүмдүктөрдүн саны 2%тен ашса, же
- эгерде, ар кайсы мөөнөттөрдө өткөрүлгөн үч апробациядан кийии чаңчаны таштап койгон же аны таштап жаткандарынын жалпы саны 2%тен ашса.