Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21, 2006-жылдын 11-августундагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Негизги жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрин түзүү жөнүндө" 2002-жылдын 24-январындагы Указына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Жобо персонификациялаштырылган документтердин Мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана тейлөөнүн негизги принциптерин белгилейт.
1.3. Бул Жободо төмөнкүдөй атайын терминдер жана аныктамалар колдонулат:
персонификациялаштырылган документ - документтин ээси тууралуу юридикалык, граждандык, квалификациялык, кызматтык жана башка маалыматтарды чагылдыруучу документтер. Маалымат даярдоочу ишкана менен макулдашылган форматта электрондук жана кагаз жүзүндө жайгаштырылып, персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестрине сактоого жана тейлөөгө өткөрүлүп берилет;
мамлекеттик персонификациялаштырылган документ - мамлекеттин атынан жана анын гарантиясы менен ээсине тапшырылган персонификациялаштырылган документ;
персонификациялаштырылган документтеринин мамлекеттик реестри бул колдонууга чыгарылган мамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган документтердин мазмунун чагылдыруучу бирдиктүү системадагы маалыматтар топтомунун жазуулары. Реестр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- персонификациялаштырылган документтер жөнүндө маалыматты борбордоштурулуп чогултуу, сактоо жана аналитикалык жактан тейлөөгө арналган уюштуруу-техникалык жана программалык-маалыматтык каражаттардын системасын;
- электрондук турүндө персонификациялаштырылган документтердин мазмуну жөнүндө толук чагылдырылган маалыматты;
- корректура - документтин мазмунун жана башка белгилерин толук кайталаган, бирок жөнөкөй кагазга даярдалып, нускасын басмага даярдоо стадиясында анын мазмунун текшерүүгө арналган персонификациядаштырылган документтин кайталанма үлгүсү;
- нуска баракчасы - даярдоочу ишканадан персонификациялаштырылган документтердин ар бир тизмесин камтыган жана арыз берүүчү тарабынан тастыкталган, товардык-транспорттук накладнойго чечмелөө.