Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148, 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, 2019-жылдын 25-февралындагы № 86, 2020-жылдын 3-июнундагы № 294, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418, 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 654, 2023-жылдын 21-декабрындагы № 693, 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1 Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө Жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйэамын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты. 1.2. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө (мындан ары - жогорку окуу жайлар) "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле кесиптик орто жана жалпы орто билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн окуу-илимий уюму болуп эсептелет. Жогорку окуу жайы (мындан ары - жож) юридикалык тараптын беделине (статусуна), өзүнчө балансы жана өзүнүн аталышы бар мөөргө ээ болгон билим берүүчү уюм болуп эсептелет. Жождун бедели анын түрүнө, уюштуруучулук укуктук формасына, аккредитациядан жараша аныкталат жождун бедели анын аталышына кошулуп жазылат. Жождун аталышы аны түзүүдө белгилениши, бедели (статусу) өзгөргөндө да милдетүү түрдө өзгөрөт. Өзгөчө шарттардан башка учурларда жаңы түзүлгөн жож алгачкы ирээтте институттун беделин алат, жождун бедели менен аталышынын өзгөрүшү аккредитациядан кийин ишке ашырылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 294 токтомунун редакциясына ылайык) 1.3. Жождун негизги милдеттери: - адамдын интеллектуалдык, маданий жана адеп-аклектик өнүгүүсүндө жогорку билим же жождон кийинки кесиптик билим алуусунун талаптарын канааттандыруу; - илимий-педагогикалык кызматкерлер менен окуп жаткандардын биргелешкен чыгармачылык иш-аракеттеринин натыйжасында фумдаменталдык жана прикладдык илим менен искусстволорду өнүктүрүү, алынган натыйжаларды билим алуу процессинде пайдалануу; - жогорку билимдүү адистерди, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу; - окуп жаткандарга жарандык позицияны жана чыгармачылык активдүүлүктү калыптандыруу; - калк арасында билимди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу; - коомдун адеп-аклектик, маданий жана илимий байлыктарын сактоо жана көбөйтүү; - мамлекеттик жождо адистерди даярдоонун мамлекеттик заказдарын аткаруу болуп эсептелет. 1.4. Жогорку билим берүү жалпы орто же кесиптик орто билимдин базасында, университеттерде, академияларда, институттар менен адистештирилген жогорку окуу жайларында (консерваторияда, аскердик жогорку окуу жайларында ж.б.) ишке ашырылат. Университет - жож: - даярдоо багыттарынын (адисттиктердин) кеңири спектри боюнча жогорку жана жождон кийинки билим берүү программасын ишке ашырат; - илимдин кеңири спектри боюнча фундаменталдуу жана прикладдык изилдөөлөрдү аткарат; - жогорку билимдүү адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, алардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди (илимдин кандидаттары менен докторлорун) даярдоону ишке ашырат; - өзүнүн профилдери боюнча илимий жана илимий-методикалык борбор болуп эсептелет. Академия - жож: - илимий иш-аракеттердин тармактары боюнча жогорку жана жождон кийинки билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырат; - илим же маданият тармактары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү аткарат; - адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат; - өзүнүн тармактык иш-аракеттери боюнча илимий жана илимий-методикалык борбор болуп эсептелет. Институт - жож же университеттин, академиянын структуралык бөлүмү: - жогорку билимдин билим берүүчү программаларын жана жождон кийинки билим берүү программаларын ишке ашырат; - адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку билимдүү кызматчылардын квалификациясын жогорулатууну, кесиптик иш-аракеттин белгилүү бир тармагы үчүн илимий , илимий педагогикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат; - адистерди даярдоо профили боюнча фундаменталдык жана прикладдык мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү аткарат. Адистештирилген жож (консерватория, аскердик жогорку окуу жайы ж.б.) чакан профилдеги жож: - жогорку билим берүүнүн жана жождон кийнки билим берүү программаларын ишке ашырат; - жогорку билимдүү кызматчыларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, илим жана илимий-педагогикалык кадрларды кесиптик иш-аракеттин белгилүү бир профили үчүн даярдоону ишке ашырат; - прикладдык илим изилдөөлөрдү аткарат. 1.5. Жож өзүнүн менчиктик формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болот. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык) 1.6. Жождун уставы "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары менен ушул Жобонун негизинде иштелип чыгат. Жождун уставы уюштуруучусу (уюштуруучулары) (тарабынан бекитилет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык тарап катарында мамлекеттик катоодон өтөт. Ушундай эле тартипте жождун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошумчалар) киргизилет. 1.7. Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер билим берүү уюмдарын өз алдынча башкаруунун формасы болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык) 1.8. Окумуштуулар кеңешин, камкордук кылуучу кеңеши менен каржылоо комиссиясын шайлоонун жана иш-аракеттерин уюштуруунун тартиби, алардын тутуму менен ыйгарым укуктары, жождун уставы Кыргыз Республикасынын тийиштүү жоболору жана ченемдик-укуктук актылары тарабынан аныкталат. 1.9. Жожго түздөн-түз анын жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор) башчылык кылат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат (кайра дайындалат) жана кызмат ордунан бошотулат. "Улуттук" деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоодо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алуу зарыл. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун бир эле мамлекеттик жогорку окуу жайында он жылдан ашык ээлей албайт. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын, анын ичинде "улуттук" деген статуска ээ жогорку окуу жайынын жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын милдеттерин аткарууну ошол мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу жүктөйт. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жождорду кошпогондо, мамлекеттик жождордун окуу иштери боюнча проректорлору жождордун жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жождун окуу иштери боюнча проректору жождун жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Мамлекеттик жождордун окуу иштери боюнча проректорлорун кошпогондо, проректорлор жождордун жетекчилери тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Мамлекеттик жождордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жождун окумуштуулук даражасы, тийиштүү профили жана квалификациясы бар адистеринин ичинен контракттык-конкурстук негизде жождун уставында белгиленген тартипте дайындалат. Мамлекеттик жождун жетекчиси Кыргыз Республикасынын окуу, илимий, финансылык-чарбалык иштер жана кадрлар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы белгиленген тартипте аныкталган учурда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Мамлекеттик жождун жетекчиси эгерде жож аккредитациядан өтпөсө же анын статусу төмөндөсө да кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мамлекеттик жождун жетекчиси мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда иштин тиешелүү участогу үчүн түздөн-түз жооп берген орун басарлары да кызмат орундарынан бошотулат. Мамлекеттик эмес жожду түздөн-түз жетекчи (ректор, президент, начальник, директор) башкарат, ал окумуштуулук даражасы, тийиштүү профили жана квалификациясы бар адистердин ичинен уюштуруучулар тарабынан дайындалат. Мамлекеттик эмес жождун жетекчисин дайындоо жана чакыртып алуу жол-жобосу, ошондой эле ыйгарым укуктары уюштуруучулар тарабынан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат жана жождун уставында белгиленет. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 633 токтомунун редакциясына ылайык) КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|