Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2004-жылдын 23-февралы N 91

Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамаларын бекитүү жөнүндө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин так бөлүштүрүү, иштин сапатын жакшыртуу, ошондой эле жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин тиркелген Типтүү кызматтык нускамалары бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин бекитилген Типтүү кызматтык нускамаларынын негизинде айыл өкмөтүнүн аппаратынын функционалдык милдеттерди бөлүштүрүүнүн түзүлүп калган практикасын, кадрдын потенциалын эске алуу менен айылдардын жана поселкалардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу жана жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитүү сунуш кылынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча министрине жүктөлсүн.

Премьер-министр

Н.Танаев