Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2004-жылдын 23-февралы № 93

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 887, 2006-жылдын 8-февралындагы № 75, 2006-жылдын 27-сентябрындагы № 695, 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2008-жылдын 28-июлундагы № 402, 2011-жылдын 13-июнундагы № 305, 2012-жылдын 25-майындагы № 318, 2012-жылдын 31-декабрындагы № 878, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373, 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Интеллектуалдык менчик укугун коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иштерин координациялоо жана өз ара аракетин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.

2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы.

3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентствонун кеңейтилген коллегиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 24-ноябрындагы № 638 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы № 233 токтомунун 11-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-июлундагы № 403 токтому.

 

Премьер-министр

Н.Танаев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы № 93 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жаатында тартип бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-майындагы № 318; 2012-жылдын 31-декабрындагы № 878, 2014-жылдын 4-июлундагы № 373 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселесин тейлеген вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;