Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-июнундагы N 471 токтому менен бекитилген

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин УСТАВЫ

(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы N 887, 2009-жылдын 29-декабрындагы N 832, 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 151, 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1.1. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси (мындан ары - "Сулайман-Тоо" УТАМК) - илим-изилдөө, экспозициялык-көргөзмө, маданий-агартуу жана экскурсиялык-туристтик максатта бир бүтүн тарыхый-маданий жана табигый комплекстин, алардын тарыхый жана табигый чөйрөдөгү материалдык жана рухий баалуулуктарынын сакталышын, калыбына келтирилишин, изилденишин жана элге көрсөтүлүшүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн мамлекеттик мекеме.

1.2. "Сулайман-Тоо" УТАМКы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын "Тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)

1.3. "Сулайман-Тоо" УТАМК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, штампы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн бланкы жана мөөрү болот.

1.4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Сулайман-Тоо" УТАМКнын уюштуруучусу болуп саналат.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1.5. Тарыхый-маданий объектилердин. жаратылыш, тарых, маданият эстеликтеринин жана табигый ландшафтардын тарыхый, маданий жана жаратылыш чөйрөсүндө бузулбай сакталышын камсыз кылуу үчүн өзгөчө кайтаруудагы табигый аймак статусу белгиленет. "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын аймагында жайгашкан жер, имараттар, курулмалар жана коммуникациялар аларды күтүүнүн жана пайдалануунун өзгөчө режиминде болот.

1.6. "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын корук зонасынын аймагына тарыхый-маданий, табигый жана башка объектилердин баалуулугун эске алуу менен чарбалык жана башка иш аракеттердин регламентин жана чектелишин камтыган өзгөчө кайтаруунун дифференцияланган режими белгиленет.

1.7. "Сулайман-Тоо" УТАМК корук зонасынын аймагында табигый жана маданий мурастардын объектилерине, табигый, тарыхый жана маданий чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон жана иши "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген ар кандай иш-аракеттерге тыюу салынат.

1.8. "Сулайман-Тоо" УТАМК өз аймагында экскурсиялык-туристтик, илимий-агартуучулук жана маданий-массалык иштерди уюштурууга бөтөнчө укукка ээ. Ушул чөйрөдөгү иш-аракеттерге адистешкен юридикалык жана жеке жактар "Сулайман-Тоо" УТАМК аймагында анын администрациясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде гана иштей алат.

II. "Сулайман-Тоо" УТАМКсынын негизги иши жана милдеттери

Улуттук аң-сезимди андан ары чыңдоо, дүйнөлүк маданияттын ажыралгыс бөлүгү катары табигый, тарыхый жана маданий мурастарды табуу, коргоо, сактоо, жайылтуу жана келечектеги муундарга берүү, Кыргыз Республикасынын элдеринин рухий, маданий дөөлөттөрүн жана салттарын, биримдигин жана улуттар аралык ынтымагын өз ара байытууга активдүү көмөк көрсөтүү, Фергана өрөөнүнүн бир бөлүгү катары Кыргызстандын түштүк регионунун маданий ар түрдүүлүгүн жана өзгөчөлүктөрүн сактоо максатында "Сулайман-Тоо" УТАМКсы төмөндөгүдөй иштерди жүргүзөт;

2.1. Маданий-массалык, агартуучулук, экскурсиялык-туристтик иштер жагында:

стационардык, көчмө экспозициялар жана сыртта ачык жайда өтүүчү экспозициялар, табигый. археологиялык жана архитектуралык эстеликтер боюнча экскурсияларды өткөрүү, лекциялар, консультациялар;

жаратылыш, тарых, маданият эстеликтерин жана рухий мурастарды жайылтуу жана жарнактоо (рекламалоо);

искусство, көркөм жана улуттук салтту колдонмо (прикладдык) чыгармачылыктын фестивалдарын, сынактарын (конкурстар), кароолорун, көргөзмөлөрүн уюштуруу, маданий жана рухий мурастарды жайылтуу максатында башка иш-чараларды өткөрүү;

"Сулайман-Тоо" УТАМКсы боюнча илимий эмгектерди, монографияларды, жыйнактарды, жарнак продукциясын, буклеттерди, жол көрсөткүчтөрдү, проспекттерди, альбомдорду, афишаларды басып чыгаруу.

2.2. Илим-изилдөө иштери жагында "Сулайман-Тоо" УТАМКсында, анын аймагында жана филиалдарында сакталган жана зкспонат катары коюлган табигый, археологиялык, этнографиялык коллекциялар, документтүү, кинодокументтүү, фотосүрөт жана башка материалдар базалык жана тарыхый баалуулуктар болуп саналат.

"Сулайман-Тоо" УТАМКсынын алдында илимий-методикалык кеңеш, көмөк көрсөтүү кеңеши түзүлүп, анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтөт, фондго сатып алуу комиссиясы музейдин фонддорун үзгүлтүксүз толуктап турат, аны башкы директор бекитет.

"Сулайман-Тоо" УТАМКсы илим-изилдөө иштери жагында.

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык музей фонддорунун эсебин жүргүзөт.

- коллекциялар боюнча сактоо режимин камсыз кылат;

- аукциондордо, илимий экспедицияларда. элге сатуу учурунда материалдарды жыйноо, башка мамлекеттик мекемелерден өткөрүү, уюмдардан жана жеке адамдардан сатып алуу жана белекке алуу жолу менен, археологиялык казып алуулар жана башка жолдор менен фонддорду комплектилейт;

- илим-изилдөө иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзөт, эстеликтерди изилдейт, алардын тарыхый, илимий, көркөмдүк баалуулугун аныктайт жана аларды илимий жактан баяндап жазып чыгат;

- архивдерде, китепканаларда жана башка мекемелерде сакталып турган материалдарды изилдейт;

- Кыргызстандын түштүк регионунун табигый өзгөчөлүктөрүн, жалпы тарыхый проблемаларды, маданий мурастар проблемаларын, ошондой эле тектеш тарыхый жана гуманитардык тармактарды (дисциплиналарды) изилдейт.

- илимий концепцияларды, тематикалык-экспозициялык пландарды, илимий отчетторду монографияларды жана макалаларды, илимий карточкаларды, каталогдорду, фонддордун баяндамаларын, илимий паспортторду, эстеликтердин жана коллекциялардын сүрөттөлүштөрүн иштеп чыгат жана даярдайт;

- музейдин өзгөчөлүгүнө ылайык илимий китепкананы комплектилейт жана толуктайт:

- илимий архив түзөт.

2.3. Илимий-методикалык иштер жагында.

- мамлекеттик музейлерге, келишимдин негизинде заявкалар боюнча бардык системалардын жана ведомстволордун музейлерине методикалык жардам көрсөтөт;

- методикалык сунуштарды иштеп чыгат, коомдук музейлерди жана анда сакталган баалуу түп нуска жана сейрек учураган экспонаттарды каттоого алат;

- стажировкаларды жана семинарларды уюштуруу жолу менен музей кызматкерлерин, анын ичинде коомдук музейлердикин үзгүлтүксүз окутууну жүргүзөт, алдыңкы тажрыйбаны жайылтат.