Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 5-июнундагы № 398

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2004-жылдын 12-августу № 605

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы

аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик

колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу

 

Ош облусунун Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнүн жашоочуларына социалдык колдоо көрсөтүү максатында жана Мурдаш калктуу конушунунун бийиктиги такталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомунун 1-тиркемесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

Ош облусу, Алай району бөлүмүндө:

- "Калктуу конуштун аталышы" графасынын 26-пунктунда "К.Маркс атындагы Кызыл-Тект" деген сөздөр "Тамгатерек" деген сөзгө алмаштырылсын;

- "райондук коэффициент" графасынын 26, 30, 33, 50, 66, 69-пункттарында "1,15" деген сандар "1,45" деген сандарга алмаштырылсын.

 

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген коэффициенттик кошумчаларды төлөө 2005-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

 

3. Бул токтом массалык маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Премьер-министр

Н.Танаев