Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-январындагы N 42 токтому менен бекитилген
"Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы" мамлекеттик мекемесинин УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги № 205, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы (мындан ары - Филармония) өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
1.2. Филармониянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Филармониянын мүлкү ага Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет. Филармония өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн карамагындагы акча каражаттар менен жооп берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3. Филармония юридикалык жак болуп эсептелет, өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана буйруктарына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Уставга таянат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 57 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. Филармониянын өзүнчө балансы жана Казыналыктагы эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тегерек мөөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакка керектүү башка атрибуттары болот.
1.5. Филармония өзүнүн ишин өз күчү, ошондой эле айрым аткаруучуларды жана адистерди чакырып убактылуу чыгармачыл жамааттарды уюштуруу менен жүргүзөт.
1.6. Филармония элдин улуттук жана дүйнөлүк музыкалык маданияттын байлыгын толугураак жана тереңирээк өздөштүрүшүнө көмөк көрсөтөт.
1.7. Филармония өзүнүн өндүрүштүк-экономикалык ишин өз алдынча жүргүзөт, финансылык каражаттарын тескейт, өзүнүн милдеттенмелери боюнча жооп берет.
1.8. Филармония Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тарипте өзүнүн филиалдарын жана өзүнчө бөлүмдөрүн түзө алат.
1.9. Филармониянын юридикалык дареги: 720001, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 251.
2. Негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Филармониянын чыгармачылык, уюштуруучулук-экономикалык жана өндүрүштүк ишинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет, алар:
- кыргыздын фольклордук-этнографиялык музыкасын жана дүйнөлүк музыкалык маданиятты таратуу;
- маданияттын жалпы адамзаттык маанисин жана улануучулугун музыка искусствосунда ишке ашыруу;
- жалпы элди дүйнөлүк жана улуттук музыка маданиятын таанып билүүгө тартуу;
- музыкалык искусствонун каражаттары аркылуу калкты маданий, эстетикалык жана интернационалдык тарбиялоого көмөктөшүү;
- улуттук искусствонун көп түрдүү формаларын жана жанрларын өнүктүрүү жана пропагандалоо;
- шыктуу жаштарга чыгармачылык жактан өсүш үчүн ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүү;
- эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө, аткаруучуларды жана чыгармачыл жамааттарды алмашууга катышуу.
2.2. Филармония концерттик ишмердиктин эркиндигин камсыздоочу бардык укуктарга ээ, репертуарды тандоодо жана жарнама материалдарды жарыялоодо көз каранды эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка керектүү иштерди жүргүзөт.
Ушул Уставда каралган милдеттерди аткаруу максатында Филармония:
- концерттерди, фестивалдарды, көргөзмө-сатыктарды, конкурстарды Кыргыз Республикасында да, чет өлкөдө да уюштурат жана өткөрөт;
- шефтик концерттерди коет;
- концерттерди коммерциялык максаттарда жарнамалоодо өзүнүн символикасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланат;
- жеке адамдардын жана менчиктин мамлекеттик эмес формасындагы юридикалык жактардын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана айрым укуктарын менчик ээсинин макулдугу менен пайдаланат;
- Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөдө да музыкалык искусство тармагында консультациялык иш жүргүзөт жана тажрыйба алмашат;
- магниттик, кино-видео, аудио-лазер жана башка маалымат сактагычтарга жазууну, тартууну аныкталган тартипте уюштурат, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге ылайык тираждайт жана сатат;
- аныкталган тартипте экономикалык ишти уюштурат, белеттердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка продукциянын бааларын белгилейт, ошондой эле аларды сатат;
- мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен бирдикте эл аралык фестивалдарга жана конкурстарга катышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана түзүлгөн келишимдерден келип чыгуучу милдеттерди аткарат;
- өзүнүн жана кызматкерлеринин кызыкчылыктары укуктук жактан корголушун өз компетенциясынын чегинде камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Филармониянын кызматкерлерине эмгектенүү үчүн шарттарды түзөт;
- чет өлкөлүк уюмдар, мекемелер менен биргелешкен коммерциялык ишти аныкталган тартипте уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гарантияланган эмгек акынын өлчөмүн жана социалдык коргоо чараларын камсыздайт;
- кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын чегинде жана чет өлкөлөргө командировкаларга жиберет жана командировкалык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөйт.