КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы №32
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 169
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция башкармасы жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициябашкармасы (мындан ары - Финансылык полиция) Кыргыз Республикасынын ат-каруучу бийлик системасындагы мамлекеттик, укук коргоо органы, ал юри-дикалык жактын статусуна ээ, анын иши финансылык-экономикалык, корруп-циялык укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алууга, аларды табуугажана бөгөт коюуга багытталган. 2. Өз ишинде Финансылык полиция органдары Кыргыз РеспубликасынынКонституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республика-сынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликкеалат. II. Финансылык полициянын негизги милдеттери 3. Финансылык полициянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр сана-лат: 1) ыйгарым укуктарынын чектеринде мамлекеттин экономикалык кооп-суздугун, коомдун, ишкердик субъекттеринин мыйзамдуу укуктарын жана та-ламдарын камсыз кылуу; 2) финансы-экономикалык, коррупциялык кылмыштар боюнча алгачкытекшерүүнү жана тергөөнү жүргүзүү; 3) кызмат адамдары өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен экономи-калык ишке мыйзамсыз кийлигишүүсүнүн же ишкерликке тоскоолдук кылышынынфактыларынын алдын алуу, аларды табуу жана бөгөт коюу боюнча чаралардыиштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу; 4) кылмыштуу жол менен алынган акча каражаттарын мыйзамдаштыруу(адалдоо) фактыларына каршы күрөшүү боюнча чараларды иштеп чыгуу жанажүзөгө ашыруу; 5) Финансылык полиция органдарынын карамагына кирген маселелер бо-юнча эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу. III. Финансылык полициянын функциялары жана милдеттери 4. Финансылык полиция өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектериндетөмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: 1) Финансылык полициянын аймактык органдарынын ишинин негизги ба-гыттары боюнча алардын аракеттерине жетекчиликти, координациялоону жанамакулдашууну камсыз кылат; 2) Финансылык полиция органдарынын изин суутпай издөө жана тергөөишинин практикасын талдайт; 3) экономикалык, финансылык жана коррупциялык кылмыштарга каршыкүрөшүү формаларын жана ыкмаларын өркүндөтөт, изин суутпай издөө ишининтактикасын жана методикасын аныктайт, Финансылык полиция органдарынынишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгат жанатурмушка ашырат; 4) Финансылык полиция органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынаныктайт; аларды турмушка ашыруунун укуктук, уюштуруу жана экономикалыкмеханизмдерин иштеп чыгат; 5) Финансылык полициянын аймактык органдарынын кадрларын тандоону,жайгаштырууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат; 6) Финансылык полиция органдарына жүктөлгөн милдеттерди турмушкаашырат, аларды Финансылык полициянын аймактык органдары аткарышынаконтролдук кылат; 7) эсепке алууну жана отчеттуулукту, иштердин жана оперативдүү,тергөө, эксперттик жана кадр ишинин материалдарынын абалына бааберүүнүү уюштурат; 8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзүнүн ыйгарымукуктарынын чектеринде нормативдик укуктук актыларды кабыл алат; 9) изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашырат, ошондой эле уюштуруунукамсыз кылат жана Финансылык полициянын аймактык органдары көрсөтүлгөништи жүзөгө ашырышына контролдук кылат жана аларга практикалык жана ме-тодикалык жардам берет; 10) төмөнкү издөөлөрдү жүзөгө ашырат: Финансылык полиция органдарынын карамагына кирген жазык иштери бо-юнча жактарды; соттун токтому боюнча мамлекеттин таламында коюлган тиешелүү доо-лор боюнча жоопкерлердин турган жери белгисиз болгон учурда аларды; 11) экономикалык, финансылык жана коррупциялык кылмыштарга жанаукук бузууларга каршы күрөшүү маселелери боюнча КМШга катышуучуөлкөлөрдүн тиешелүү органдары менен өз ара аракеттенет, өз ыйгарымукуктарынын чектеринде эл аралык уюмдардын ишине катышат; 12) экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүнабалы жөнүндө кызыкдар мамлекеттик органдарга маалымдайт; 13) бөлүнгөн материалдык ресурстарды жана бюджеттик каражаттардымаксаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат, алар боюнча эсепкеалууну жана отчеттуулукту, ошондой эле Финансылык полициянын аймактыкоргандарынын финансы-чарбалык ишине ички ведомстволук контролдуктужүзөгө ашырат; 14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен өзүнө жүктөлгөн башкафункцияларды жүзөгө ашырат. 5. Финансылык полиция өз компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөргөукуктуу: 1) Финансылык полиция органдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюужөнүндө, ошондой эле Финансылык полиция органдарын уюштуруу-штаттык,кадрдык жана материалдык-техникалык жактан чыњдоо маселелери боюнчаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизүүгө; 2) мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу маселелерижана Финансылык полиция органдарынын ишине тиешелүү болгон башка масе-лелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуугакатышууга; 3) өндүрүштө болгон материалдар жана жазык иштери боюнча документ-терге, материалдарга, статистикалык маалыматтарга жана башка маалымат-тарга жеткиликтүүлүккө ээ болууга, ошондой эле аларды берүүнү уюмдардынжетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, жеке жактардан талап кы-лууга, алардан көчүрмөлөрдү алууга, түшүнүктөрдү алууга; 4) өндүрүштө болгон жазык иштери боюнча чакыруу менен келүүдөнкачкан адамдарды алып келүүгө; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте доку-менттерди, товарларды, буюмдарды же башка мүлктү алып коюуга же алыпкоюуну жүргүзүүгө; 6) Кыргыз Республикасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү программа-ларын иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышууга; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ыйгарымукуктуу органдардан жана кызмат адамдарынан текшерүүлөрдү, аудитти жанабаа берүүнү жүргүзүүнү талап кылууга; 8) Финансылык полиция органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүүнүкамсыз кылуучу маалымат системасын түзүүгө жана пайдаланууга; 9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктардыжүзөгө ашырууга. IV. Финансылык полициянын мүлкү 6. Өзүнчө мүлк Финансылык полицияга оперативдүү башкаруу укугундабекитип берилет. 7. Финансылык полиция ага бекитип берилген мүлктү өз алдынча ажы-ратууга же башкача ыкма менен тескөөгө акысыз. Финансылык полицияга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-ленген учурларда жана чектерде мүлктү тескөө укугу берилиши мүмкүн. V. Финансылык полициянын ишин уюштуруу 8. Финансылык полицияны Кыргыз Республикасынын Премьер-министрименен кењешүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайын-дап жана бошото турган директор жетектейт. Директордун эки, анын ичинде бир биринчи орунбасары болот, алардиректордун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тара-бынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 9. Директор Финансылык полициянын ишин уюштурат жана жетектейт, өзкомпетенциясынын чегинде өз алдынча чечимдерди кабыл алат жана Финансы-лык полициянын иши үчүн жекече жоопкерчилик тартат. 10. Директор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык: - Финансылык полицияга жетекчилик кылат; - бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда Финансылык полиция-нын атынан чыгат; - белгиленген штаттык сандын чегинде Финансылык полициянын борбор-дук аппаратынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн структурасын жана штат-тык санын бекитет; - Финансылык полиция органдарынын катардагы, кенже, орто жана улукбашкаруу курамынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бо-шотот; - өзүнүн орунбасарларынын, Финансылык полиция органдарынынбөлүмдөрүнүн жетекчилеринин укуктары менен милдеттенмелерин аныктайт; - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Финансылык полиция органдары-нын аткарышы үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жанакөрсөтмөлөрдү берет; - Финансылык полиция органдарынын кызматкерлерине жогорку атайыннаамдарды ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кирги-зет; - мыйзамда белгиленген тартипте Финансылык полиция органдарынынкызматкерлерин сыйлоо, материалдык жардам көрсөтүү маселесин чечет жанатартип жазасын колдонот, аларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоогожана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга көрсөтөт; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-тарды жүзөгө ашырат. 11. Финансылык полицияда жети кишиден турган коллегия түзүлөт.Коллегиянын жекече курамы орунбасарлардан, Финансылык полициянынбөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, ошондой элеКыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын өкүлүнөн туруп,Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет. VI. Финансылык полицияда кызмат өтөө 12. Финансылык полициянын кызматкерлери Финансылык полиция орган-дарында кызмат орундарын ээлеген адам болуп саналат, аларга белгиленгентартипте атайын наамдар ыйгарылат. Финансылык полицияга кызматка дайындалган аскерге милдеттүүлөрбелгиленген тартипте аскердик каттоодон чыгарылат жана Финансылык поли-цияга каттоого турушат. 13. Финансылык полицияда кызмат өтөөнүн тартибин Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү белгилейт. VII. Финансылык полициянын кызматкерлерин укуктук жактан коргоо 14. Финансылык полициянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин ат-карууда мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттинкоргоосу астында болот. 15. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарыКыргыз Республикасынын аймагында жарандар менен кызмат адамдарынын ат-карышы үчүн милдеттүү болуп саналат. 16. Финансылык полициянын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарынаткарбай коюу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жолтоо болгонаракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жо-опкерчиликке кириптер кылат. 17. Финансылык полициянын кызматкерлерине өз милдеттерин аткаруугажолтоо кылуу, алардын абийирин жана ар-намысын мазактоо, коркутуу, кар-шылык көрсөтүү, зомбулук кылуу же алардын кызматтык милдеттерин аткару-усу менен байланыштуу анын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол са-луу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алыпкелет. VIII. Финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу 18. Финансылык полициянын ишин каржылоо республикалык бюджеттенжүргүзүлөт. 19. Финансылык полиция органдарынын кызматкерлернне Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө азык-түлүк паегу үчүн компенса-ция төлөнөт. IX. Финансылык полициянын кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери үчүн жоопкерчилиги, финансылык полиция органдарынын ишине контролдук кылуу жана көзөмөлдүк жүргүзүү 20. Финансылык полиция кызматкерлери укукка каршы аракеттери үчүнКыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликтерди тар-тат. Финансылык полициянын кызматкерлеринин укукка каршы аракеттери ме-нен жарандарга, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келтирилген зыянКыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте орду толтурулуу-га тийиш. Финансылык полиция кызматкерлеринин аракеттерине жарандар жанаюридикалык жактар Финансылык полициянын жогору турган органына же соткодаттана алат. 21. Финансылык полиция органдарынын ишине контролдукту Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү жүргүзөт. Финансылык полиция органдарынын мыйзам актыларын так жана биртүрдүү аткарышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жанаага баш ийген прокурорлор ишке ашырат.