Редакцияот 25.07.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 25-июлу № 310               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Чатыр-Көлгө эл аралык маанидеги суулуу-саздак жер                         статусун берүү жөнүндө    "Кыргыз Республикасынын негизинен сууда сүзүүчү канаттуулардын жаша-ган жери катарында эл аралык мааниси бар суулуу-саздак жерлер  жөнүндөБУУнун Конвенсиясына (Рамсар Конвенциясы)  кошулуусу  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы менен ратификациялган Негизинен сууда сүзөөчө канатуулардын жашаган жери катарында эл аралык мааниси бар суулуу-саз-дак жерлер (Рамсар Конвенциясы) тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кон-венциясын ишке ашыруу максатында, ошондой эле бийик тоолуу суулуу-саз-дак экологиялык система катары Чатыр-Көлдүн  маанилүүлүгүн  эске  алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы белгиленген   тар-типте Чатыр-Көлдү Конвенциянын бюросунун Эл аралык маанидеги суулуу-саз-дак жерлердин тизмесине (Рамсар участкаларынын тизмеси) киргизүү жөнүндө өтүнмө берсин.  2. "Чатыр-Көлдү мамлекеттик маанидеги балык чарба көлмөлөрүнүн катего-риясына которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-ноябрындагы №694 токтому күчүн жоготту деп табылсын.  3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү  жана  жараты-лышты пайдалануу бөлүмүнө жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана Кыр-гыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматына жүктөлсүн. Премьер-министр                                                К.Бакиев