КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2005-жылдын 1-августу № 334 Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алышкан Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу жөнүндө Япония Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча заемдук каражат алыш-кан республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоокөрсөтүү жана гранттык жардамды башкарууну жакшыртуу максатында КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна төмөнкүлөргө уруксат берилсин: - айыл чарба техникалары түрүндө Япония Өкмөтүнүн гранттарынынэсебинен берилген кредиттер боюнча убагы өткөн карыздарды айылдык товарөндүрүүчүлөрдөн сот жана укук коргоо органдары аркылуу мажбурлапөндүрүү, ошондой эле айып санкцияларын эсептөөнү 2005-жылдын 1-августу-нан тартып Япония Өкмөтү аларды узартуу жөнүндө маселени караганга че-йин токтото турууга; - Япония Өкмөтүнүн гранттарынын эсебинен алынган, заемчулар кайта-рып берген айыл чарба техникаларын башка төлөөгө жөндөмдүү чарбакерсубъекттерге мурда берилген товардык кредиттердин шарттарында 3 жылдыкмөөнөткө, жаратылыштык-климаттык шарттары ыњгайсыз алыскы райондордунчарбакер субъекттерине - 4 жылга күрөөлүк камсыздоо менен кайрабөлүштүрүүгө; - заводдук кемчиликтери жана башка техникалык оњ эмес жактары ме-нен заемчу тарабынан берилген айыл чарба техникасы боюнча заемдук кара-жаттарды төлөө графигин Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жанакайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен бирдикте кайра карап чыгууга. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар 2003-2005-жылдарда та-бигый кырсыктардан жапа чегишкен жана утурлама фонддордун жана ЯпонияӨкмөтүнүн гранттарынын рекредиттелген каражаттарынын эсебинен алынганкредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары бар айылдык товарөндүрүүчүлөрдүн тизмеси менен жергиликтүү кењештердин чечимдерин экижумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштууЭкономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна беришсин. 3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономи-каны өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду жергиликтүү кењештердин чечимининнегизинде 2003-2005-жылдарда табигый кырсыктардан жапа чегишкен, утур-лама фонддордун жана Япония Өкмөтүнүн гранттарынын рекредиттелген кара-жаттарынын эсебинен алынган кредиттери боюнча мөөнөтү өткөн карыздарыбар чарбакер субъекттерге заемдук каражаттардын төлөө мөөнөтү келгенучурдан тартып эки жылга чейин айып санкцияларын эсептебесин. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги: - Япония Өкмөтүнүн гранттарынын каражатына 2005-жылы сатып алынганайыл чарба техникаларын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү тездетүү боюн-ча чараларды көрсүн; - республикага жеткирилүүчү айыл чарба техникаларынын, аларга за-пастык бөлүктөрдүн жана башка техникалык каражаттардын абалына туруктуумамлекеттик жана техникалык контролду камсыз кылсын; - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте башкаөлкөлөрдө КР-2 долбоорун администрациялоо тажрыйбасын изилдеп чыксынжана эки айдын аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосунаЯпония Өкмөтүнүн гранттык жардамын башкарууну жакшыртуу боюнча сунушкиргизсин. 5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы-нын Ички иштер министрлигине төмөнкүлөрдү берсин: - Япония Өкмөтүнүн гранттарынын эсебинен берилген кредиттер боюнчамөөнөтү өткөн карыздарды төлөөдөн качышкан конкреттүү чарбакер субъект-тер боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мый-замдарында каралган чараларды көрүү үчүн маалыматты; - бюджеттик ссудаларды жана чет өлкөлүк кредиттерди бөлүү,бөлүштүрүү жөнүндө жылына эки жолу маалымат берсин. 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жанажаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов