Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 13-декабры, № 576 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон технологиялык жабдуулардын жана окуу куралдарынын, илимий басылмалардын жана мектеп буюмдарынын базалык тизмелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004- жылдын 27-майындагы № 391
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Жањы технологияларды ишке киргизүү аркылуу республиканын ташиштетүү тармагынын экспорттук потенцналын андан ары өнүктүрүүмаксатында Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Кыргыз Республикасынын бажы аймагына импорттоодо КНС төлөөдөпбошотулууга тийиш болгон технологиялык жабдуулардын жана окуукуралдарынын, илимий басылмалардын жана мектеп буюмдарынын базалыктизмелерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-майындагы № 391
токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, КыргызРеспубликасынын бажы аймагына импорттоодо КМС төлөөдөн бошотулуугатийиш болгоп технологиялык жабдуулардын базалык тизмесиндеги "(8464209500дон башка)" деген сөз алып салынсын. 2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынажүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов