Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-апрелиндеги № 129
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-декабры № 586 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын структурасынөркүндөтүү жөнүндө" № 462
Жарлыгын аткаруу жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив агенттигинин иш-аракетин жөнгө са-луу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелгендер бекитилсин: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттиги жөнүндө
жобо; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттигинин системасын башкаруу
схемасы. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттигинин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку саны 17адамдан жана эмгек акы төлөө фондусу республикалык бюджетте каралганкаражаттын чегинде белгиленсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттиги: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архивагенттигинин борбордук аппаратынын структурасын жана штаттык расписани-есин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министрининбекитүүсүнө киргизсин; - өздөрүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык кел-тирсин. 4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасы-нын Мамлекеттик архив кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2003-жылдын 15-августундагы № 517
токтому күчүн жоготту деп табылсын.