Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 27-январы № 44 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна жер участокторун берүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жер
кодексинин 20-статьясына ылайык КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун мамлекеттик админист-рациясынын Жер бөлүү маселеси боюнча республикалык комиссия менен ма-кулдашылган, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Кыр-гыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда "Ысык-Көл" эларалык аэропортун" кењейтүү үчүн мурда бөлүп берилген жерлерге кошумчажалпы аянты 272,0 га жерди 49 жыл мөөнөткө
тиркемеге ылайык берүүжөнүндө сунушу кабыл алынсын. 2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлер "Айыл чарбалыкбагытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайдын, транспорттун, байла-ныштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынакоторулсун: - Тамчы айыл өкмөтүнүн 215,5 га жери; - Чоњсарыой айыл өкмөтүнүн 56,5 га жери. 3. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 "Айыл чарбажерлерин айыл чарбалык эмес керектөөлөр үчүн алып коюуга байланыштууайыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убак-тылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө"
токтомуна ылайык айыл чарбаөндүрүшүнүн тарткан зыяндарын жана алынбай калган кирешесин төлөп берүүсунушталсын. 3-1. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна айылчарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин алып коюуга байла-ныштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынжоюуну 5 жылдын ичинде, биринчи жылы 2000000 (эки миллион) сом, кийинкижылдары - тењ бөлүктөр менен төлөм жүргүзүүгө уруксат берилсин. 3-2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккөболгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдун3-1-пунктунда көрсөтүлгөн айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жанаалынбай калган пайданын ордун толтуруунун биринчи бөлүгү "Манас" эларалык аэропорту" ачык акционердик коому тарабынан төлөнгөндөн кийинага берилген жер участокторго укук ырастоочу документтерди берсин. 3-3. Инвестор ("Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоогоинвестициялык конкурстун жењүүчүсү) "Манас" эл аралык аэропорту" ачыкакционердик коомуна ушул токтомдун алкагында айыл чарба өндүрүшүнүн жо-готууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууга байланыштуутарткан чыгымдарга компенсациялоо жүргүзөөрү белгиленсин.(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 23-июлундагы № 397токтомунун редакциясына ылайык) 4. Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы: - жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргиз-син; - жер үлүштөрүнүн жана өздөштүрүлгөн жер участокторунун менчик ээ-лерине айыл чарбалык багыттагы бирдей жер берүү маселесин чечсин; - "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому менен бир-дикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер пайдалануучулардынжана жер участокторунун менчик ээлеринин зыяндарынын ордун толтурсун. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын агро өнөр жай комплекси жана кайра иш-тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-январындагы № 44
токтомуна тиркеме Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун аймагынан "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун" кењейтүү үчүн берилчү жерлердин экспликациясы -----------------------------------------------------------------------|Кењей-| анын ичинде (га) ||түү |--------------------------------------------------------------||үчүн |айдоо | анын ичинен |жайыт-|куу|жол-|баш-|суу |"Аэрона- ||керек-|(сугат)|------------------|тар |ра-|дор |ка |чы- |вигация" ||түү | |үлүш|Кайра |айдап | |ган| |жер-|гар-|МИнин ||бардык| |жер |бөлүш-|өздөш-| |бак| |лер |гыч |жакынкы ||жерлер| | |түрүү |түрүл-| | | | | |пункту ||(га) | | |фонду |гөн | | | | | | || | | |(ФПС) |жерлер| | | | | | ||------|-------|----|------|------|------|---|----|----|----|---------|| 272 | 48 | 13 | 30 | 5 | 127 |94 |0,5 | 1 | 1 | 0,5 ||---------------------------------------------------------------------|| анын ичинде айыл өкмөттөр боюнча ||---------------------------------------------------------------------||Тамчы айыл өкмөтү ||---------------------------------------------------------------------||215,5 | 48 | 13 | 30 | 5 | 95 | 72 | 0,5 | - | - | - | - ||---------------------------------------------------------------------||Чоњсарыой айыл өкмөтү ||---------------------------------------------------------------------||56,5 | - | - | - | - | 32 | 22 | - | 1 | 0,5| 1 | - |----------------------------------------------------------------------- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси - министр Т.Коеналиев