Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                               КР Өкмөтүнүн              2014-жылдын 1-сентябрындагы № 512 токтомуна ылайык                               КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-февралы № 96

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

            Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим

             берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын окуучуларын

             материалдык жактан камсыз кылуу боюнча жобону

                            бекитүү жөнүндө

 

     "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-

рлигинин баштапкы кесиптик билим берүү тутумун реформалоо жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнун 2004-жылдын 20-сентябрындагы № 700 токто-

му менен бекитилген 2010-жылга чейин  Кыргыз  Республикасынын  баштапкы

кесиптик билим берүү тутумун реформалоо боюнча иш-чаралардын планын иш-

ке ашыруу жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүү  уюмдарынын

окуучуларын материалдык жактан камсыз кылууну жакшыртуу максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

     1. Кыргыз Республикасынын баштапкы кесиптик билим берүүсүнүн билим

берүү уюмдарынын окуучуларын материалдык жактан  камсыз  кылуу  жөнүндө

тиркелген Жобо бекитилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан  коргоо  ми-

нистрлигинин  баштапкы  кесиптик билим берүү башкармалыгы ушул токтомду

аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

     3. Кыргыз  Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги баш-

тапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын реабилитациялык борборлорун  жана

чыгымдарынын  корголгон статьяларын өз убагында жана толук көлөмдө кар-

жылоону камсыз кылсын.

     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий  өнүктүрүү  баш-

кармалыгына жүктөлсүн.

 

     Премьер-министр                                 Ф.Кулов