Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2006-жылдын 23-марты N 196
Салык салуу үчүн кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын
аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун долбоору тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 21-февралындагы N 58 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 196-4-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Салык салуу үчүн кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын аныктоонун тартиби жөнүндө жобонун долбооруна макулдук берилсин.
2. Аталган Жобонун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору аталган Жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы N 58 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Салык салуу үчүн кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын
аныктоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Салык салуу максаты үчүн кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын аныктоонун тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана салык салуу объектиси болуп эсептелбеген кыймылсыз мүлктөн башка кыймылсыз мүлккө салык салуу үчүн кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын аныктоонун тартибин белгилейт.
1.2. Ушул Жобо салык салуу максатында алар же алардын бир бөлүгү пайдаланууга берилген датадан тартып, жаңы курулуш жана реконструкциялоо объектилерин баалоо үчүн да колдонулат.
2. Негизги түшүнүктөр
2.1. Ушул Жободо төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
кыймылсыз мүлктүн бааланма наркы - салык салуу максаты үчүн ушул Жобого ылайык аныкталуучу кыймылсыз мүлктүн наркы;
кыймылсыз мүлктү жалпы баалоо - кыймылсыз мүлктүн окшош объектилеринин топторун баалоо процесси;
баалоого карата кирешелүү ыкма - кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын кыймылсыз мүлктү пайдалануудан (ижарага берүүдөн) күтүлгөн кирешелерди алардын учурдагы наркына которуу менен аныктоонун жол жобосу;
жылдык кирешенин коэффициенти - кыймылсыз мүлктү пайдалануудан (ижарага берүүдөн) күтүлгөн кирешелерди анын бааланма наркына айландыруу үчүн пайдаланылган коэффициент, ал кыймылсыз мүлктүн ушул сыяктуу объектилерин сатуунун баасын, аларды ижарага берүүдөн алынган жылдык орточо кирешеге бөлүү аркылуу, кыймылсыз мүлктүн рыногундагы бааларга талдоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат;
баалоого карата чыгашалуу ыкма - кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын кыймылсыз мүлктү кайра өндүрүүнүн наркын эсептөө аркылуу аныктоонун жол-жобосу, мында табигий жана экономикалык эскирүүнүн баасы чыгарылып салынат;
кайталап өндүрүүнүн наркы - рыноктук баалардагы чыгымдардын суммасы, ал баалоо жүргүзүлгөн учурга ылайык келген бааланган кыймылсыз мүлккө окшош объектини түзүүгө ылайык келет, мында окшош материалдар, технологиялар жана көлөмдүк-пландаштыруучу чечимдер колдонулат;
табигый эскирүү - кыймылсыз мүлк объектисинин наркынын төмөндөшү, ал пайдалануунун жүрүшүндөгү эскирүүнүн натыйжасында объектинин конструкцияларынын касиеттеринин начарлашынан улам келип чыгат;
функционалдык эскирүү - кыймылсыз мүлк объектисинин наркынын төмөндөшү, ал учурдагы керектөөлөргө жооп берүү жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнөн келип чыгат;
тышкы эскирүү - кыймылсыз мүлк объектисинин наркынын ага тикелей тиешеси жок ар кандай экономикалык факторлордун таасиринин натыйжасында төмөндөшү;
сатууларды салыштыруу ыкмасы - кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын аныктоонун жол-жобосу, ал бүтүмдөрдүн баасы жөнүндө маалымат алынган ушул сыяктуу объектилерди баалануучу объект менен салыштырууга негизделет;
корректировкалоочу коэффицент - тиешелүү шаар үчүн белгиленген жеңилдик берүүнү чыгарып салуунун мыйзамда аныкталган максималдуу чыгарып салууга карата катышы;
баалануучу зона - шаардын аймагынын бир бөлүгү, анда параметрлери боюнча окшош болгон кыймылсыз мүлк бирдей рыноктук наркка ээ болот.
3. Баалануучу зоналардын чегараларын,
зоналык коэффиценттерди жана шаарга чектеш зоналардын
чегараларын белгилөө
3.1. Кыймылсыз мүлк объектилеринин бааланма наркын аныктоо үчүн калктуу конуштун аймагы кызматтардын инженердик жана транспорттук системасынын окшош мүнөздөмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле социалдык инфраструктураны жана экологиялык факторлорду эске алуу менен, рыноктук баалардын деңгээлине ылайык баалануучу зоналарга бөлүнөт.
3.2. Жергиликтүү (шаардык) кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын сунушу боюнча баалануучу зоналардын чегараларын жана зоналык коэффициенттерди бекитет.
Зоналык коэффициенттер 1ден (бирден) тартып төмөндөө жагына белгиленет. Бир деген коэффициент баанын деңгээли максималдуу болгон зонада белгиленет.
3.3. Шаарга чектеш зоналардын чегаралары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-статьясынын 1-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилген шаарларды куруунун негизги пландарынын негизинде белгиленет.
Бишкек жана Ош шаарларынын шаарга чектеш зоналарынын чегаралары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
4. Салык салуу үчүн турак-жайлык кыймылсыз мүлктүн
бааланма наркынан чыгарып салуунун өлчөмүн белгилөө
4.1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 196-7-статьясынын 2-пунктуна ылайык турак-жайдын бааланма наркынан чыгарып салуунун өлчөмдөрүн аныктоо үчүн төмөндөгүдөй корректировкалоочу коэффициенттер белгиленет:
┌──┬───────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│N │ Шаардын аталышы │ Корректировкалоочу │
│ │ │ коэффициенттердин мааниси │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│1 │ Бишкек │ 1,8 │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│2 │ Ош │ 1,3 │
├──┼───────────────────────────────┼──────────────────────────────────┤
│3 │ Калган шаарлар, шаарга чектеш │ Жергиликтүү (шаардык) кеңештер │
│ │ жана курорттук зоналар │ тарабынан белгиленет │
└──┴───────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
5. Кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын жалпы баалоо
аркылуу аныктоонун тартиби
5.1. Кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын жалпы баалоо аркылуу аныктоо үчүн төмөндөгүдөй негизги техникалык мүнөздөмөлөр жана параметрлер пайдаланылат:
- жалпы пайдалуу аянты;
- кыймылсыз мүлктүн функциялык багыты;
- имараттын тиби жана сырткы дубалдардын материалы;
- калктуу конуштун ичиндеги кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери;
- курулган жылы;
- рыноктун баасына таасир тийгизген башка мүнөздөмөлөрү жана параметрлери (маалыматтар базасында алар бар болгондо жана жалпы баалонун компьютердик системасы пайдаланылганда).
5.1.1. Кыймылсыз мүлктүн турак-жай эмес объектилеринин жалпы пайдалуу аянты имараттын колдонулушун техникалык камсыз кылуу үчүн пайдаланылган чатырдагы жана жертөлө жайлардын (бойлердик, щиттик ж.б.) аянтын эсепке албастан аныкталат.
5 1.2. Турак-жай объектилери үчүн жалпы пайдалуу аянт балкондордун, лоджиялардын, верандалардын, террасалардын жана жалпы пайдаланылуучу жайлардын (тепкич аянтчалары, лифттер ж.б.) аянтын, ошондой эле имараттын колдонулушун техникалык камсыз кылуу үчүн пайдаланылган чатырдагы жана жертөлө жайлардын (бойлердик, щиттик ж.б ) аянттарын эсепке албастан аныкталат.
5.2. Кыймылсыз мүлктүн ар кандай түрлөрүнүн бааланма наркын жалпы баалоо аркылуу аныктоо үчүн төмөндөгүдөй ыкмалар колдонулат:
- сатууларды салыштыруу;
- кирешелүү;
- чыгашалуу.
5.3. Жалпы баалоо аркылуу кыймылсыз мүлктүн бааланма наркы сатууларды салыштыруу ыкмасынын жардамы менен аныкталат. Сатууларды салыштыруу ыкмасын пайдалануу менен кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын аныктоо үчүн маалымат жок болгон учурда, кирешелүү ыкма пайдаланылат. Кирешелүү ыкманы пайдалануу менен кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын аныктоо үчүн маалымат жок болгон учурда, чыгашалуу ыкма колдонулат.
5.4. Сатууларды салыштыруу ыкмасы менен кыймылсыз мүлктү баалоону жүргүзүүдө бааланма нарк төмөндөгүдөй формула менен аныкталат:
Ст(сп) = Побщ. х Стед. х Киз., мында:
Ст(сп) - кыймылсыз мүлктүн сатууларды салыштыруу ыкмасы менен аныкталган бааланма наркы;
Побщ - кыймылсыз мүлктүн баалануучу объектисинин жалпы пайдалуу аянты;
Стед. - калктуу конуштун ар бир баалануучу зонасындагы кыймылсыз мүлктүн баалануучу тибинин 1 чарчы метринин орточо наркы, ал кыймылсыз мүлктүн баалар рыногуна талдоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат жана N 1 тиркемеге ылайык форма боюнча (1.1, 1.2, 1.3 - таблицалар) жергиликтүү (шаардык) кеңеш тарабынан бекитилет;
Киз. - баалануучу объектинин табигый эскиришин эске алуучу коэффициент, ал N 2 тиркемеге ылайык колдонулат.
5.5. Кыймылсыз мүлктү кирешелүү ыкма менен баалоону жүргүзүүдө бааланма нарк төмөндөгүдөй формула боюнча эсептелет:
Ст(дп) = Дг х Кгд, мында:
Ст(дп) - кыймылсыз мүлктүн кирешелүү ыкма менен аныкталган бааланма наркы;
Дг - кыймылсыз мүлктүн окшош объектилерин ижарага берүүдөн алынуучу жылдык орточо киреше, ал кыймылсыз мүлккө баалардын рыногуна талдоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат жана N 1 тиркемеге ылайык жергиликтүү (шаардык) кеңеш тарабынан бекитилет (1.3 таблица);
Кгд - жылдык кирешенин коэффициенти, ал кыймылсыз мүлктүн окшош объектилерин сатуу баасын, аларды ижарага берүүдөн алынган жылдык орточо кирешеге бөлүү менен кыймылсыз мүлктүн бааларынын рыногуна талдоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталат жана N 6 тиркемеге ылайык форма боюнча жергиликтүү (шаардык) кеңеш тарабынан бекитилет.
5.6. Кыймылсыз мүлктү баалоо чыгашалуу ыкма менен жүргүзүлгөндө бааланма нарк төмөндөгүдөй формула менен эсептелет:
Ст(зп) = Побщ. х Стед. х Кзон. х Киз. х Кфу х Квн, мында:
Ст(зп) - кыймылсыз мүлктүн чыгашалуу ыкма аркылуу аныкталган бааланма наркы;
Побщ.- кыймылсыз мүлктүн баалануучу объектисинин жалпы пайдалуу аянты;
Стед.- кыймылсыз мүлктүн баалануучу объектисинин 1 чарчы метрин кайталап өндүрүүнүн наркы, ал N 3 тиркемеге ылайык колдонулат;
Кзон.- калктуу конуштун аймагындагы баалануучу объектинин жайгашкан жерин эсепке алган коэффициент;
Киз.- баалануучу объектинин табигый эскиришин эске алган коэффициент, ал N 2 тиркемеге ылайык колдонулат;
Кфу - кыймылсыз мүлк объектисинин функционалдык эскиришин эсепке алуучу коэффициент, ал N 4 тиркемеге ылайык колдонулат;
Квн - кыймылсыз мүлк объектисинин тышкы эскиришин эсепке алуучу коэффициент, ал N 5 тиркемеге ылайык колдонулат.
6. Кыймылсыз мүлк объектисинин бааланма наркын жекече
баалоо аркылуу аныктоо
6.1. Өзүнүн өзгөчөлүгүнө (конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө, өлчөмүнө, жайгашкан жерине же ушул фактордун айкалышына) байланыштуу өзүнчө иликтөөнү талап кылган кыймылсыз мүлк объектилери жекече бааланууга тийиш.
6.2. Кыймылсыз мүлктү жекече баалоону жүргүзүү үчүн мыйзамда белгиленген тартипте баалоонун бардык ыкмалары (сатууларды салыштыруу, кирешелүү жана чыгашалуу ыкмалар) пайдаланылышы мүмкүн.
6.3. Жекече бааланууга тийиш болгон кыймылсыз мүлк объектилеринин тизмеси кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан аныкталат жана каржылоо булагын көрсөтүү менен жергиликтүү (шаардык) кеңеш тарабынан бекитилет.
6.4. Кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган кыймылсыз мүлктү жекече баалоону жүргүзүү үчүн тендердик негизде тиешелүү адистерди жана көз карандысыз баалоочуларды (жеке жана юридикалык жактарды) тартууга укуктуу.
6.5. Жекече баалоо жеке жана юридикалык жактын каалоосу боюнча өздүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
7. Салык төлөөчүнүн кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча
маалыматка мүмкүнчүлүк алышы
7.1. Ар бир салык төлөөчү баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө өзүнүн кыймылсыз мүлкүнүн бааланма наркын кыймылсыз мүлктүн башка объектилеринин бааланма наркы менен салыштыруу үчүн кайрылууга укуктуу. Салыштыруу үчүн баалануучу бир зонанын ичинде жайгашкан кыймылсыз мүлктүн бешке чейинки окшош объектилери тандалып алынышы мүмкүн.
Суралган маалымат жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде салык төлөөчүнүн өзүнө же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет.
Берилген маалыматта салыштырылып жаткан кыймылсыз мүлктүн дареги, негизги техникалык мүнөздөмөлөрү, бааланма наркы камтылат. Башка эч кандай маалымат, анын ичинде салыштырылып жаткан кыймылсыз мүлктүн менчик ээсинин аты-жөнү берилбейт.
7.2. Кыймылсыз мүлк объектисинин бааланма наркы жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 7.1-пунктунда каралбаган максаттар үчүн пайдаланган адам Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
7.3. Салык төлөөчү баалоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн кыймылсыз мүлктү баалоонун натыйжалары менен макул болбогон учурда, ал ушундай баалоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте даттанууга укуктуу.
1-тиркеме
1.1-таблица. Көп батирлүү үйлөрдөгү батирлердин бааланма
наркын эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар
┌─┬───────────────────┬──────────────┬──────────────┬───┬─────────────┐
│N│Батирлердин тиби │1-зона │2-зона │...│N-зона │
├─┼───────────────────┼───────┬──────┼───────┬──────┼───┼──────┬──────┤
│ │ │1 чарчы│Курул-│1 чарчы│Курул-│ │1 чар-│Курул-│
│ │ │метрдин│ган │метрдин│ган │ │чы │ган │
│ │ │орт. │орточо│орт. │орточо│ │метр. │орточо│
│ │ │наркы │жылы │наркы │жылы │ │орт. │ │
│ │ │ │ │ │ │ │наркы │жылы │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│1│98-серия, тышкы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дубалдары кыш │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│2│1-464-серия, тышкы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дубалдары темир │ │ │ │ │ │ │ │
│ │бетондон, панелдүү │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│3│Жекече долбоор │ │ │ │ │ │ │ │
│ │менен салынган │ │ │ │ │ │ │ │
│ │батирлер, тышкы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дубалдары кыш │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│4│105-106-сериядагы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │батирлер, тышкы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дубалдары темир │ │ │ │ │ │ │ │
│ │бетондон, панелдүү │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│5│Барак тибиндеги, │ │ │ │ │ │ │ │
│ │тышкы дубалдары кыш│ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│6│Барак тибиндеги, │ │ │ │ │ │ │ │
│ │тышкы дубалдары │ │ │ │ │ │ │ │
│ │башка │ │ │ │ │ │ │ │
│ │материалдардан │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│7│Галереялык │ │ │ │ │ │ │ │
│ │(коридорлук) │ │ │ │ │ │ │ │
│ │типтеги, тышкы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дубалдары кыш │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│8│Галереялык │ │ │ │ │ │ │ │
│ │(коридорлук) │ │ │ │ │ │ │ │
│ │типтеги, тышкы │ │ │ │ │ │ │ │
│ │дубалдары темир │ │ │ │ │ │ │ │
│ │бетондон │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│9│Башка │ │ │ │ │ │ │ │
└─┴───────────────────┴───────┴──────┴───────┴──────┴───┴──────┴──────┘
Эскертүү: Курулуштун орточо жылы алда-канча так баалоого жетишүү жана бир зонада жайгашкан конкреттүү сериядагы, бир типтеги батирлердин курулган жылдан баштап орточо арифметикалык табигый эскиришин кайталап эсепке алууну болтурбоо максатында аныкталат.
1.2-таблица. Жекече турак үйлөрдүн бааланма наркын
эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар
┌─┬───────────────────┬──────────────┬──────────────┬───┬─────────────┐
│N│Турак үйлөрдүн тиби│1-зона │2-зона │...│N-зона │
├─┼───────────────────┼───────┬──────┼───────┬──────┼───┼──────┬──────┤
│ │ │1 чарчы│Курул-│1 чарчы│Курул-│ │1 чар-│Курул-│
│ │ │метрдин│ган │метрдин│ган │ │чы │ган │
│ │ │орт. │орточо│орт. │орточо│ │метр. │орточо│
│ │ │наркы │жылы │наркы │жылы │ │орт. │ │
│ │ │ │ │ │ │ │наркы │жылы │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│ │31.12.1985-жылга │ │ │ │ │ │ │ │
│ │чейин курулган │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│1│Тышкы дубалдары кыш│ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│2│Тышкы дубалдары │ │ │ │ │ │ │ │
│ │темир бетон │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│3│Тышкы дубалдары │ │ │ │ │ │ │ │
│ │чийки кыш │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│4│Башка │ │ │ │ │ │ │ │
│ │материалдардан │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│ │01.01.1986-ж. │ │ │ │ │ │ │ │
│ │тартып курулган │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│5│Тышкы дубалдары кыш│ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│6│Тышкы дубалдары │ │ │ │ │ │ │ │
│ │темир бетондон, │ │ │ │ │ │ │ │
│ │панелдүү │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│7│Тышкы дубалдары │ │ │ │ │ │ │ │
│ │чийки кыш │ │ │ │ │ │ │ │
├─┼───────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│8│Башка │ │ │ │ │ │ │ │
│ │материалдардан │ │ │ │ │ │ │ │
└─┴───────────────────┴───────┴──────┴───────┴──────┴───┴──────┴──────┘
1.3-таблица. Турак жай эмес кыймылсыз мүлк объектилеринин
бааланма наркын эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар
┌──┬──────────────────┬──────────────┬──────────────┬───┬─────────────┐
│N │Турак үйлөрдүн │ │ │ │ │
│ │тиби │1-зона │2-зона │...│N-зона │
├──┼──────────────────┼───────┬──────┼───────┬──────┼───┼──────┬──────┤
│ │ │1 чарчы│Жылдык│1 чарчы│Жылдык│ │1 чар-│Жылдык│
│ │ │метрдин│орточо│метрдин│орточо│ │чы │орточо│
│ │ │орт. │киреше│орт. │киреше│ │метр. │киреше│
│ │ │ │ │ │ │ │наркы │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│1 │Дүкөндөр │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│2 │Соода борборлору │ │ │ │ │ │ │ │
│ │(жалпы аянты 5000 │ │ │ │ │ │ │ │
│ │чарчы метр) │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│3 │Үстү жабык │ │ │ │ │ │ │ │
│ │базарлар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│4 │Бастырмалар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│5 │Ашканалар, тез │ │ │ │ │ │ │ │
│ │татым жайлары, │ │ │ │ │ │ │ │
│ │чайканалар, │ │ │ │ │ │ │ │
│ │пивобарлар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│6 │Ресторандар жана │ │ │ │ │ │ │ │
│ │кафелер │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│7 │Офистик жана адм. │ │ │ │ │ │ │ │
│ │имараттар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│8 │Банктардын │ │ │ │ │ │ │ │
│ │имараттары │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│9 │Мейманкалар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│10│Гараждар, бокстар │ │ │ │ │ │ │ │
│ │устаканалар, │ │ │ │ │ │ │ │
│ │ТТС │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│11│Автомай куюучу │ │ │ │ │ │ │ │
│ │жайлар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│12│Маданий мекемелер │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│13│Дарыканалар │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│14│Билим берүү │ │ │ │ │ │ │ │
│ │мекемелери │ │ │ │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼──────┼───────┼──────┼───┼──────┼──────┤
│15│Башкалар │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──────────────────┴───────┴──────┴───────┴──────┴───┴──────┴──────┘
2-тиркеме
Табигый эскирүү коэффициентин
АНЫКТОО
Кыймылсыз мүлктүн жакшы курулгандыгынын даражасынын чоңдугун чагылдырган табигый эскирүүнүн коэффициенти амортизациялоонун нормаларын жана иш жүзүндө пайдаланылган мөөнөтүн эске алуу менен төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
Киз = 1 - Ифиз, мында:
Ифиз - кыймылсыз мүлктүн табигый эскириши. Табигый эскирүү 2-таблицада келтирилген маалыматтардын негизинде төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Ифиз - (Тоц - Тп) х Нгфи / 100, мында:
Тоц - турак жайлык кыймылсыз мүлк үчүн - баалануучу зонадагы курулган орточо жылы (1-тиркеме, 1.1, 1.2-таблица);
турак жай эмес кыймылсыз мүлк үчүн - бааланма наркын аныктоо жылы;
Тп - кыймылсыз мүлк объектисинин курулган жылы;
Нгфи - жылдык табигый эскирүүнүн нормасы.
Кыймылсыз мүлктүн бааланма наркын эсептөө үчүн кыймылсыз мүлктүн табигый эскиришинин мааниси имараттардын пайдаланылган мөөнөтүн жана имараттардын калыбына келтирилүүчү наркынын ирилештирилген көрсөткүчтөрүнүн (СССРдин Мамкурулушкомитетинин КНИК) жыйнактарына ылайык капиталдуулуктун топторун эске алуу менен аныкталат.
2-таблица. Кыймылсыз мүлктүн табигый эскириши
┌──┬────────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│N │ Имараттын тиби, дубалдардын материалы │Жылдык табигый │
│ │ │эскирүүнүн нормасы, %│
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│ │I. Турак жай имараттары жана батирлер │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1.│Дубалдары темир бетон, ири панелдүү жана ири│ 0,83 │
│ │блоктуу турак жай имараттары (батирлер) │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│2.│Дубалдары бышкан кыштан курулган турак жай │ 1 │
│ │имараттары (батирлер) │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│3.│Дубалдары башка материалдардан курулган │ 2 │
│ │турак жай имараттары (батирлер) │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│ │II. Коомдук имараттар │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1.│Дубалдары темир бетон, ири панелдүү жана ири│ 0,83 │
│ │блоктуу жана башка материалдардан курулган │ │
│ │имараттар │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│2.│Дубалдары бышкан кыштан курулган имараттар │ 1 │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│3.│Дубалдары башка материалдардан курулган │ 2 │
│ │имараттар │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│ │III. Өндүрүштүк имараттар │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1.│Дубалдары темир бетон жана кыштан курулган │ 1 │
│ │имараттар │ │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│2.│Жеңил конструкциядагы имараттар-бастырмалар,│ │
│ │жеңил модулдар, теплицалар │ 3,33 │
├──┼────────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│3.│Дубалдары башка материалдардан курулган │ 2 │
│ │имараттар │ │
└──┴────────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
Табигый эскирүүнүн коэффициенти (Киз) 0,4төн кем эмес жана 1,5тен көп эмес болушу мүмкүн.
3-тиркеме
3-таблица. Имараттын баалануучу тибинин 1 чарчы метрин
кайталап жасоонун наркы (*)
┌───┬───────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│N │ Кыймылсыз мүлктүн тиби │Кайталап жасоонун │
│ │ │наркы 1 ч.м/сом │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1. │Дүкөндөр │12402 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│2. │Соода борборлору (жалпы аянты 5000 ч.м) │10764 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│3. │Үстү жабык базарлар │2691 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│4. │Ашканалар, тез татымдар, чайканалар, │9126 │
│ │пивоканалар │ │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│5. │Ресторандар жана кафелер │11349 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│6. │Офистик жана администрациялык имараттар │11700 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│7. │Банктардын имараттары │12168 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│8. │Мейманкалар │9594 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│9. │Гараждар, бокстар, устаканалар, ТТС │4095 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│10.│Автомай куюучу жайлар │3276 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│11.│Маданий мекемелер │4680 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│12.│Дарыканалар │10179 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│13.│Билим берүү мекемелери │4680 │
├───┤───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│14.│Коомдук башка турак жай эмес имараттар │7371 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│15.│Өндүрүштүк корпустар, цехтер │5499 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│16.│Өндүрүштүк багыттагы көмөкчү имараттар │5031 │
│ │жана курулмалар │ │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│17.│Администрациялык-тиричиликтик, │5148 │
│ │администрациялык-өндүрүштүк корпустар │ │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│18.│Кампалар, сарайлар │4563 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│19.│Жашылча сактоочу жайлар │4797 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│20.│Ангарлар, жеңил модулдар, бастырмалар, │1404 │
│ │теплицалар │ │
└───┴───────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
(*) Кайталап жасоонун мааниси 1,17ге барабар болгон кайра эсептөө коэффициентинин жардамы менен эсептелди, ал Кыргыз Республикасынын аймагында 2005-жылдын III кварталында негизги капиталга инвестициялардын (капиталдык салымдарга баалардын индексинин) бааларынын индексинин 2004-жылдын 1-кварталында негизги капиталга инвестициялардын бааларынын индексине (капиталдык салымдарга баалардын индексинин) карата катышынан 1 ч/метрди кайталап жасоонун наркына көбөйтүү менен алынды.
3.1-таблицада көрсөтүлгөн кайталап жасоонун наркынын мааниси кыштан курулган имараттардын жана курулмалардын наркын эсептөөдө колдонулат. Дубалдары башка материалдардан тургузулган имараттардын жана курулмалардын калыбына келтирилүүчү наркын эсептөөдө төмөндөгүдөй корректировкалоочу коэффициенттер колдонулат:
┌───┬───────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│N │Имараттын, курулманын дубалынын материалы │Корректировкалоочу │
│ │ │коэффициенттин │
│ │ │мааниси │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1. │Дубалдары темир бетондон │0,85 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│2. │Дубалдары башка материалдардан │0,75 │
└───┴───────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
4-тиркеме
Функциялык эскирүүнүн коэффициентин
АНЫКТОО
Функциялык эскирүүнүн коэффициенти имараттын пайдаланылыш мөөнөтүнө жараша төмөндөгү формула боюнча аныкталат:
Кфу = 1 - (Тбаз - Тп) х Нфу / 100, мында:
Тбаз - бааланма нарк аныкталган жыл;
Тп - имарат же курулма курулган жыл;
Нфу - функциялык эскирүүнүн нормасы өндүрүштүк, кампалык жана айыл чарба багытындагы объектилер үчүн ар бир жылга 1,1 пайыз өлчөмүндө аныкталат, 1,15 пайыз аянты 10000 чарчы метрден ашык болгон өндүрүштүк, кампалык жана айыл чарба багытындагы объектилер үчүн; 0,9 пайыз башка объектилер үчүн колдонулат.
Коммерциялык багыттагы объектилер үчүн Кфу 0,55 пайыздан кем болбоого тийиш.
5-тиркеме
Тышкы эскирүүнүн коэффициентин
АНЫКТОО
┌───┬───────────────────────────────────────────┬─────────────────────┐
│N │Шаардын аталышы │Тышкы эскирүүнүн │
│ │ │коэффициентинин │
│ │ │мааниси │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│1. │Бишкек │0,8 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│2. │Ош │0,7 │
├───┼───────────────────────────────────────────┼─────────────────────┤
│3. │Калган шаарлар, шаарга чектеш жана │ │
│ │курорттук зоналар │0,5 │
└───┴───────────────────────────────────────────┴─────────────────────┘
6-тиркеме
6-таблица. Ар кандай баалоо зоналарында жылдык кирешенин
коэффициентинин мааниси
┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│ Баалануучу зонанын номери │ Жылдык кирешенин │
│ │ коэффициентинин мааниси │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│ 1 │ │
│ 2 │ │
│ ... │ │
│ N │ │
└─────────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘