Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы
№ 673 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 217 токтому менен бекитилген |
Кыймылсыз мүлктү баалоонун СТАНДАРТЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул стандарт кыймылсыз мүлктү баалоо жаатындагы түшүнүктөрдү, терминологияны, баалоо жүргүзүү методологиясын жана тартибин аныктайт.
2. Бул стандарт кыймылсыз мүлктүн наркын аныктоодо Кыргыз Республикасында баалоо ишинин субъекттери тарабынан колдонулууга милдеттүү жана төмөнкүлөрдү баалоого жайылтылат:
- жер участокторун;
- имараттарды жана курулмаларды, алардын айрым бөлүктөрүн жана кошумча курулуштарды, анын ичинде алардын ишин камсыз кылган инженердик жабдууларды;
- курулушу бүтө элек объекттерди;
- көп жылдык бак-дарактарды.
3. Терминдер жана аныктамалар:
Куруучу - курулушка же кыймылсыз мүлк объектисин курууга же реконструкциялоого жер участогу белгиленген тартипте берилген жеке же юридикалык жак.
Кирешени капиталдаштыруу - капиталдаштыруу ставкасын колдонуу менен келечекте ала турган, чоңдугу боюнча туруктуу кирешени учурдагы наркка которуу, акча агымын дисконттоонун жекече учуру болуп саналат.
Кыйыр чыгымдар - жер участокторун жакшыртууга (реконструкциялоого, ремонттоого) байланышкан чыгымдар, аларды кандайдыр бир конкреттүү элементтерге (мисалы, камсыздандыруу боюнча төлөмдөр, кредиттер боюнча пайыздар, салыктар, жарнамаларга чыгымдар, консультанттарды тартуу) кийирүүгө мүмкүн эмес.